АЯЛДАРГА ЖАНА БАЛДАРГА КАРАТА ЗОМБУЛУК: ДЕПУТАТТАР АЛДЫН АЛА ИШТЕГЕН СИСТЕМАНЫ ТҮЗҮҮНҮ СУНУШТООДО
- 18.08.2026
- 0
Бүгүн, 18-августта Жогорку Кеңештин депутаттары Жылдыз Курманалиева жана Эркеайым Сейтказиеванын демилгеси менен «Аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулук: учурдагы абал, көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору» аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү. Бул иш-чара коомдогу эң курч көйгөйлөрдүн бирин талкуулоо үчүн бийлик өкүлдөрүнүн, укук коргоочулардын жана эксперттердин башын бириктирди.
Маанилүү талкууга Жогорку Кеңештин депутаттары Нуржамал Төрөбекова, Венера Салямова, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Тегерек столдун жүрүшүндө Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Курманалиева зомбулуктун учурдагы абалына кеңири токтолду. Анын айтымында, өлкөдө мыйзамдык база канчалык бекемделбесин, турмушта бул көйгөй толук кандуу чечилбей келет.
«Зомбулуктун алдын алуу, жабыр тарткандарды натыйжалуу коргоо жана мамлекеттик органдардын өз убагында чара көрүүсүн камсыз кылуу – бүгүнкү күндүн негизги милдеттеринин бири. Биздин башкы максатыбыз – учурдагы көйгөйлөрдү талдап, мыйзамдарды жана иштөө механизмдерин өркүндөтүү боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу», – деди Жылдыз Курманалиева.
Эл өкүлү коомчулукта резонанс жараткан акыркы оор окуяларды мисалга тартып, ар бир фактынын артында адам тагдыры, аялдардын жана балдардын өмүрү турганын эскертти. Ал кезектеги ызы-чуудан кийин гана аракет кылбастан, алдын ала иштеген системаны түзүү керектигин баса белгиледи. Бул багытта төмөнкү кадамдарды күчөтүү сунушталды:
- Жабырлануучуга багытталган бирдиктүү жардам көрсөтүү системасын өркүндөтүү;
- Балдардын коопсуздугун камсыз кылуу механизмдерин бекемдөө;
- Кризистик борборлордун ишине ар тараптуу колдоо көрсөтүү.
Өз кезегинде депутат Эркеайым Сейтказиева Ысык-Ата районунда катталган зомбулук фактыларынын каралышынын жүрүшү боюнча маалымат берди. Ал мындай терс көрүнүштөрдү түп-тамырынан жоюу үчүн мамлекеттик органдардын, укук коргоо жана сот системасынын, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын бирдиктүү, координацияланган иш алып баруусу өтө маанилүү экенин кошумчалады.
А.К., «КБ»



Комментарийлер