АВТОРЛОРДУН КИТЕП КЕРБЕНИ

  • 07.12.2023
  • 0

USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору 12-декабрь Улуттук адабият күнүнө жана улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгынын урматына  “Авторлордун китеп кербени” аттуу иш-чараны аймактарда өткөрүп жатат.

АВТОРЛОРДУН КИТЕП КЕРБЕНИ
Мындай иш-чара Жалал-Абад шаарында да уюштурулду. Анда балдар үчүн жазылган китептердин авторлору окуучуларга өз китептерин окуп беришип, алар менен суроо-жооп уюштуруп, кызуу пикир алышуулар болду. Алгач Жалал-Абад областтык китепканасында башталып, андан кийин шаардын Р.Санатбаев, И.Сатыбаев, Э.Арапбаев атындагы орто мектептеринде улантылды. Алгач балдар үчүн жергиликтүү авторлор тарабынан жазылган китептер жөнүндө кеңири маалымат берилди. Авторлор Асылгүл Токторбаева, Узен Атакановдор өздөрүнүн китептерин окуп беришти. Мектеп окуучулары окуган китептери боюнча көркөм окуу жана сахналык көрүнүштөрдү аткарышты. Бул иш-чара эртең Сузак районундагы мектептерде уланмакчы.

Узен АТАКАНОВ, Жалал-Абад областы

Бөлүшүү

Комментарийлер