АТАМЕНЕН ДОЛБООРУ НАРЫН ОБЛУСУНДА

  • 03.05.2023
  • 0

АтаМЕНен долбоорунун алкагында Нарын районунун Учкун жана Миң-Булак айылдарында жана Ат-Башы районунун Казыбек жана Ак-Муз  айылдарында балдар жана өспүрүмдөрдүн психологиясына арналган тренингдер аяктады.

АТАМЕНЕН ДОЛБООРУ НАРЫН ОБЛУСУНДА

АТАМЕНЕН ДОЛБООРУ НАРЫН ОБЛУСУНДА

Маалыматка таянсак, окутууларга жалпысынан 200 адам катышып, өспүрүмдөрдүн жаш курактагы өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат алышты.

— Тренер Т.Бакытов — консультант-психолог, жаштар менен иштөөчү жана гендердик эксперт, ата-энелерге өспүрүмдөрдүн өнүгүү психологиясы жана кризистери тууралуу маалымат берди. Тренингдин катышуучулары бала тарбиясына байланыштуу берилген маалыматтар абдан актуалдуу экенин белгилеп, пайдалуу маалымат таратып жатканы үчүн дообоордун командасына ыраазычылыктарын билдиришти, — дейт координатор Арстанбек мырза.

Иш-чаранын катышуучуларына “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду тарабынан долбоордун алкагында даярдалган эмоционалдык интеллект тууралуу брошюралар таратылды.

АтаМЕНен долбоору “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан Ага Хан Фонду менен биргеликте жана Айылдардагы ден соолук комитеттеринин ассоциациясы менен өнөктөштүктө Канаданын Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашып келүүдө.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер