АТА-ЭНЕЛЕР САЛТАНАТ ЭЖЕЙГЕ ЫРААЗЫ

  • 19.05.2021
  • 0

19-майда Бишкек шаарындагы №77 орто мектебинин 4-«д» классында башталгыч класстар менен коштошуу кечеси болуп өттү.

Бул классты башталгыч класстар мугалими Салтанат Исембаева үч жылдан бери жетектеп келет. Бул жылдар аралыгында окуучулардын окуудагы, коомдук иштердеги, спорттогу, өнөр үйрөнүүдөгү ийгиликтери арбын болду.
Майрамга чогулган балдар билим берген эжейине, багып өстүргөн ата-энелерине арнап манас айтып, тарбиялык таасири зор жомоктордон сахналаштырышса, кыздар комуз чертип, ыр ырдап, бийлеп беришти.

Майрамдык кечеге ата-энелер онлайн күбө болушту.

— Салтанат Болотбековна —
окуучулардын экинчи энеси, акылдуу жана даанышман эжей. 35 окуучуга өз баласындай мээримин тегиз төгүп, билген билимин берди, өнөрүн үйрөттү. Балдардын бүгүнкү аткарган ыр-күүлөрүн көрүп, устат мугалимге ыраазы болдук, — дейт Адина аттуу эне.

А. Алибеков, «Кут Билим»

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер