“АТА-ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИ” — КЕЛЕЧЕКТИН ЭРТЕҢИ
- 24.10.2023
- 0
Акыркы кездерде региондогу бардык мектептерде ата-энелер мектеби өтө жигердүү иш алып барышууда. Ал эми класс жетекчилер райондук, облустук деңгээлде ачык сабак, семинар өтүп келишет.
Маалыматка ылайык, Талас облусунун Айтматов районундагы Мадымаров атындагы орто мектебинде райондук деңгээлде “Төрдүн көркү карыя, Ата-эне улуу дарыя” деген теманын негизинде Карыялар күнүнүн бир айлыгына карата жана “Ата-энелер мектебин” жандандыруу максатында иш-чара болуп өттү.
“Ата-энелер мектеби — келечектин эртеңи” деген темада 6-класска Кожобекова Анара эң жогорку деңгээлде ачык сабак өттү. Бул иш-чараны Талас телевидениеси чагылдырды. Ал эми Керимбай атындагы Кайнар орто мектебинде “Улуулугун даңазалап жүр дайым, улутуңдун баалай билгин нарктарын” деген темада райондук семинар болду.
“Ата-эне окумайынча бала окубайт” деген темада Кубанычбек кызы Айгерим ачык сабак өттү.
Бул семинарга жалпы райондогу уюштуруучу эжекелер, райондук усулдук билим берүү борборунан Барпиева К.Н., Талас усулдук билим берүү борборунан жетекчиси С.Бейшенова катышып, сабак жогорку деңгээлде өтүлүгөнүн белгиленип, эң жакшы деп бааланып, облуска жайылтуу сунушталды.
Ал эми Ош облусунун Кара-Дарыя айыл өкмөтүнөгү №18 Азимжан Караев атындагы орто мектебинин класс жетекчилерине “Тарбия дөңгөлөгү” деген темада семинар болду. Ириде модератор “Энелер мектебинин” максаты, маанисин түшүндүрдү, андан соң ага кантип кызыктуу жана таасирдүү өтүү керектигине токтолду.
Маалыматта белгиленгендей, Билим берүү жана илим министрлигинин “Ата-энелер мектеби” программасынын негизинде, Гапыр агайдын “Ата-энелер сиздер үчүн”, ”Дасторкон четиндеги университет”, ”Акыл эмгегинин маданияты”, ”Өзүн-өзү тарбиялоо — асыл инсандык сапат” деген китептери, ютубдан “Билим кемеси”, ”Салтанат Бейшенова”, ”Гүлсара Мадаминова” деген каналдарга катталып, ал жердеги видеосабактарды, аудиолорду пайдалануу үчүн көрсөтмө берилди. Мындан сырткары “Тарбия дөңгөлөгү” деген темада үлгү-сабак көрсөтүлдү.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер