АТА-ЭНЕЛЕР КАЙРАДАН ПАРТАДА

  • 22.11.2022
  • 0

Кара-Көл шаарындагы Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын 1-«А» классынын ата-энелери кайрадан партага отуруп, «Канткенде мыкты ата-эне болобуз?»» деген суроого жооп издешти.

АТА-ЭНЕЛЕР КАЙРАДАН ПАРТАДА

Мектеп директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Үмүт Эгизбаеванын айтуусунда, аталган сабак «Ата-энелер мектебинин» программасынын негизинде «Баланы тарбиялоодо үй-бүлөнүн ролу» деген темада өтүлдү. Мугалим сабакта окуучунун өнүгүүсүндөгү ата-энелердин ролуна токтолду. Ата-энелер макал-лакаптарды чечмелеп, педагогикалык, психологиялык тесттик суроолорго жооп беришти.

Алымкан МЫРЗАЛИЕВА, Кара-Көл шаары

Бөлүшүү

Комментарийлер