АТА-ЭНЕ, ОКУУЧУ, МУГАЛИМ ОРТОСУНДАГЫ БАЙЛАНЫШ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 16.05.2020
  • 0

11-майда «Баланын жылмаюусу — Ааламдын жылмаюусу» аттуу вебинар талкуу форматында өткөрүлдү. Анда аралыктан окуу учурунда актуалдуу болгон ата-эне, окуучу, мугалим ортосундагы тыгыз байланыш, бири-бирин түшүнүү, бала тарбиялоодо үч бурчтук формуласы менен иш алып баруу ыкмасын колдонуу маселесинин айланасында сөз болду.

Ага катышкан спикерлер: Кыргыз этнопедагогикасынын көрүнүктүү изилдөөчүсү, профессор Акматали Алимбеков, Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Алмаз Токтомаметов, Nazarbayev университетинин профессору Дүйшөн Шаматов, КР эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов жана теолог, психолог Ибраев Мамбетасан.

Төмөндөгү чакан роликте Дүйшөн Шаматовдун сөзүнөн үзүндү келтирилет.

Бул вебинарга убагында катыша албай калгандар же болбосо ушул маселеге кызыккандар вебинардын толук видеосун төмөндөгү шилтемеден көрө аласыздар.

https://www.youtube.com/watch?v=2yWxCUe4294

 

Бөлүшүү

Комментарийлер