АТА-БАБАЛАРДЫ ЭСКЕРҮҮ КҮНҮ   

  • 12.11.2018
  • 0

И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинин 1-курсунун 400гө жакын студенттери жана окутуучулар курамы 30-октябрдан 1-ноябрга чейин “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган иш-чараларды өткөрүштү.

Алгач 1916-жылдагы Үркүндүн   курмандыктары эскерилип, студенттерге лекциялар жана ачык сабактар  өткөрүлдү.   Анда 1916-жылдагы Улуттук-боштондук көтөрүлүштүн себептери, таасири жана курмандыктары тууралуу айтылып, маалыматтар берилди. Айрым окумуштуу-тарыхчылардын маалыматтарына таянсак, бул каргашалуу окуялардан улам аймактагы кыргыздардын саны 40%га чейин азайган. Архивдик документтер 1916-жылдын окуяларында бери дегенде эле 120 миң адам набыт болгондугун ырастайт. Алардын катарында кыргыз элине тектеш казак, уйгур, дунган улутунун өкүлдөрү да болгон. Совет доорунда, айрыкча, 1950-1980-жылдары, Улуттук-боштондук көтөрүлүшү жана Үркүн тууралуу чыныгы маалыматты жашыруу саясаты жүргүзүлүп, бул окуяларга обьективдүү баа берилген эмес.

2016-жылы “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде жана башка жерлерде улуттук-боштондук кыймылынын 100 жылдыгына арналган эстеликтер тургузулуп, мемориалдык комплекстер ачылгандыгы баяндалды. Андан соң, Касым Тыныстанов, Ишенаалы Арабаев, Иманалы Айдарбеков, Абдыкерим Сыдыков, Тѳрѳкул Айтматов, Баялы Исакеев жана башка кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрүнүн, мамлекеттик ишмерлердин тагдырлары, ишмердиктери кеңири баяндалды. Ошону менен катар, алардын кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөө, кыргыз элинин эркиндиги үчүн кылган кызматтары эскерилди. Жаш муундун өкүлдөрүнө өз элинин эркиндиги үчүн өмүрлөрүн аябаган, мекенибиздин тагдыры үчүн башын курмандыкка чалган аталарыбыздын тагдырлары ар дайым ар бирибиз үчүн кымбат жана үлгү катары кызмат кылат деп түшүндүрүлдү.

ХХ кылымдын залкар жазуучусу, улуу мекендешибиз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган ачык сабактар студенттер арасында чоң кызыгууну жаратты.         Чыңгыз Айтматов “Адам үчүн эң кыйыны күн сайын адам болуу” деп өзү белгилегендей, чыгармачылыгында негизги орунду карапайым адамга берет. Алар: Толгонай менен Танабай, Эдигей менен Абуталип ж.б. Каармандар жөн гана ак эмгеги, адал мээнети менен жашап өмүр сүргүлөрү келет. Бирок өкүмдүк кылган доордун катаал тартиби, мыйзамдары алардын асыл тилектерине бөгөт болбой койгон жок. Жазуучунун чыгармаларында турмуштун катаал шарттарын дайыма аруу тилек, тунук сезим, махабат коштойт. Буга Жамийла менен Даниярдын бүткүл ааламды суктандырган махабаты далил болот. Дагы бир орчундуу маселе, Айтматовдун окурманды жаратылышты сүйүүгө чакырышы. Ал чыгармаларында тек гана жаратылыштын кооздугун, кереметтүүлүгүн баяндабастан, аны коргоого, сактоого үндөшү, анткени адам өзү жаратылышка мыкаачылык кылып жаткандыгын айтат. Болбосо “Ак кеме” повестинин каарманы Орозкул, наристе баланын көкүрөгүнөн “ЫЙЫК ЭНЕ” катары орун алган Бугу энеге кол көтөрөт беле. Бир сөз менен айтканда, кеменгер жазуучу, улуу ойчул, гуманист Чыңгыз Айтматов дайыма адам баласынын аң сезимине бийик адамдык сапаттын үрөөнүн чачып келген. Жазуучунун чыгармачылыгына арналган лекциялар, сабак-дебаттар ушундайча жыйынтыкталды.

Иш-чаралардын соңунда 2010-жылдагы Апрель революциясынын баатырлары эскерилип, студенттерге эгемендүү Кыргыз Республикасынын соңку тарыхында эки революциянын болуп өтүшү жана алардын чыгыш себептери жөнүндө толук маалыматтар берилди. Социалдык теңсиздик, жеке адамдын же үй-бүлөнүн бийлиги, кубатсыз экономика – карапайым элдин коомдогу өзгөрүштөрдү талап кылуусуна алып келери түшүндүрүлдү.

“Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү” эстеликтерге гүл чамбарларды коюу менен жыйынтыкталды.

 Эрдешов А.Т.

Бөлүшүү

Комментарийлер