АТ-БАШЫ: ТАРБИЯЧЫЛАР ЖАҢЫ СТАНДАРТТАР БОЮНЧА ОКУУДАН ӨТҮШТҮ
- 28.08.2026
- 0
Агартуу министрлигинин тапшырмасына ылайык, Ат-Башы районунда 2026-жылдын 18-20-август күндөрү «Жаңы стандарт: сапаттуу билимден натыйжага карай» аталышындагы үч күндүк масштабдуу окутуу болуп өттү. Иш-чарага райондогу 52 мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчилери жана тарбиячылары катышты.
Окутуунун жүрүшүндө билим берүүдөгү эң актуалдуу багыттар каралды. Тактап айтканда, компетенттүүлүккө негизделген мамиле, инклюзивдик окутуу, мониторинг жүргүзүү, жаңы мамлекеттик стандарт жана пландаштыруу, ошондой эле иш кагаздарын талапка ылайык жүргүзүү боюнча маанилүү маалыматтар берилип, алар практикалык иштер менен коштолду. 
Белгилей кетсек, семинарды өткөрүү үчүн алгач атайын даярдыктан өткөн тренерлер өз тажрыйбаларын жана алган билимдерин райондогу бала бакча кызматкерлерине жайылтышты.
Бул саамалыктын негизги максаты — мектепке чейинки билим берүү тармагында жаңы стандарттарды натыйжалуу ишке ашыруу, педагогдордун кесиптик компетенттүүлүгүн жана чеберчилигин жогорулатуу болуп саналат. Ошондой эле, заманбап окутуу ыкмаларын практикада колдонуу аркылуу балдарга сапаттуу билим берүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү башкы планга коюлган. 
Тажрыйба алмашууга жана кесиптик өнүгүүгө багытталган үч күндүк мазмундуу иш-чаранын соңунда катышуучулар уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, алган билимдерин өз ишмердүүлүгүндө натыйжалуу колдонууга толук даяр экендиктерин белгилешти.
«Сапаттуу билим — кесипкөйлүктөн, ал эми ийгилик — талыкпаган эмгектен башталат» деген ураанды туу туткан бул окутуу Ат-Башы районунун билим берүү тармагындагы сапатты арттырууга олуттуу салым кошору күтүлүүдө.
А.К., «КБ»
Комментарийлер