АСКЕРГЕ ЧЕЙИНКИ ДАЯРДООНУН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУ – УЧУР ТАЛАБЫ

  • 29.10.2025
  • 0

Аскерге чейинки даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында ведомстволор аралык жумушчу топтун алгачкы жыйыны болду.

АСКЕРГЕ ЧЕЙИНКИ ДАЯРДООНУН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУ – УЧУР ТАЛАБЫ

Жумушчу топтун курамына Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана Кыргыз Республикасынын  Коргоо министрлиги, “Окуу китеби” басма үйү жана тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү кирди.

АСКЕРГЕ ЧЕЙИНКИ ДАЯРДООНУН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУ – УЧУР ТАЛАБЫАСКЕРГЕ ЧЕЙИНКИ ДАЯРДООНУН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУ – УЧУР ТАЛАБЫ

Жумушчу топтун негизги милдеттери:

– 2026-жылдын 1-январына чейин жаңыланган окуу программасын иштеп чыгуу;

– мугалимдер үчүн жаңы квалификациялык талаптарды аныктоо;

– АЧД кабинеттерине бирдиктүү стандарттарды түзүү.

Мындан тышкары, “Окуу китеби” басма үйү менен Коргоо министрлиги биргеликте жаңы муундагы окуу китебин иштеп чыгып, анын апробациясын өткөрүү пландалууда.

Бул демилге өлкөнүн коргонуу потенциалын чыңдоого, жаш муундун аскердик билимин жана патриоттук духун бекемдөөгө, ошондой эле мектептердеги Аскерге чейинки даярдоо предметинин сапатын жогорулатууга багытталган.

Г.А., “КБ”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер