АРИС НАРИСТЕЛЕРДИ КУБАНЫЧКА БӨЛӨДҮ

  • 12.10.2021
  • 0

АРИС Чүй облусунун Красновосточный айылдык аймагынын Калининское айылындагы «Алёнушка» балдар бакчасын баштан-аяк оңдоо иштерин колдоого алды.

Жергиликтүү элдин айтуусунда «Алёнушка» балдар бакчасынын имаратында 40 жыл аралыгында бир да жолу оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Мындагы тарбия алган бөбөктөр тиешелүү шарттарга муктаж болчу.

Красновосточный айылдык аймагы сунуштаган чакан долбоорлордун ичинен балдар бакчасын реконструкциялоо боюнча сунуш колдоого алынып, ал Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан жактырылды.

Долбоордун сметалык документтери даярдалган соң, оңдоо иштерин аткарууга тендер жарыяланып, натыйжада «Инком Системс» ЖЧК подряддык уюму менен имаратты баштан-аяк оңдоо боюнча келишимге кол коюлган.

Оңдоо иштери аркылуу имарат толук кайра шыбалып, суу түтүктөрү, канализация, балдар бакчасынын эски чатыры, терезе-эшиктери толук алмаштырылды.

Реконструкция иштерине         9 969 308 сом талап кылынса, анын 9 929 842 сомун АРИС бөлүп берди. Красновосточный айылдык аймагынын өздүк салымы 339 466 сомду түздү.

Учурда заман талабына жараша оңдолуп, наристелерди кубанычка бөлөгөн бул балдар бакчасында 300дөн ашуун бөбөктөр тарбияланып жатат.

АРИС  НАРИСТЕЛЕРДИ КУБАНЫЧКА БӨЛӨДҮ

— АРИСтин аракетин жалпы айыл эли, жергиликтүү депутаттар, айыл өкмөтү колдоду. Жыйындарга, окууларга активдүү катыштык. Биздин аң-сезимди өзгөрткөн, жашообузду жакшырткан АРИСке, долбоор адистерине ыраазыбыз, — дейт жарандык активист, мурунку жергиликтүү депутат Марина Чокморова.

Аткарылган иштерге долбоор жетекчилиги да  канааттанып жатканын бизге долбоордун координатору Улан Кафар өз маегинде билдирди.

АРИС  НАРИСТЕЛЕРДИ КУБАНЫЧКА БӨЛӨДҮ

— «Айылдарды өнүктүрүү» долбоорунун алкагында Чүй облусунун Кемин, Жайыл жана Панфилов райондорунун ар бирине 180 млн. сомдон бөлүнүп берилди. Жалпы жонунан 37 долбоор ишке ашса, Панфилов районуна 10, Жайылга 16, Кеминге 11 долбоор туура келет. Бизге акчаны Ислам өнүктүрүү банкы бөлүп берди, — дейт долбоор координатору.

Маалымат үчүн:  АРИСтин «Айылдарды өнүктүрүү» долбоору Чүй облусунун Кемин, Жайыл жана Панфилов райондорунда ишке  ашырылып келет. Долбоордун максаты — жакырчылыкты жоюу жана коомдо аялдардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу. Долбоордун бюджети — 11 млн. АКШ доллары. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү — 2017 — 2021жж.

#АРИССынак

А. Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер