“АРДАГЕРЛЕРДИН ЭРДИГИН ДАҢКТАЙБЫЗ”
- 27.04.2020
- 0
Ушундай аталыштагы Улуу жеңиштин 75 жылдыгына арналган сынак 27-апрелден баштап Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде старт алды.
Сынакка катышууну каалагандар төмөндөгүдөй тапшырмаларды аткаруусу керек:
- ЖЕҢИШ, ТЫНЧТЫК, ЫНТЫМАК, ЭРДИК, ЭМГЕК жөнүндөгү ырларды көркөм окуу (2 мүнөткө чейин);
- Согуш мезгилиндеги элдин духун көтөргөн обондуу ырларды аткаруу (3 мүнөткө чейин);
- Согуштагы жана тылдагы чоң ата, чоң энелердин эрдигин жана эмгегин чагылдырган чыгармалардан монологдорду, диалогдорду аткаруу (3 мүнөткө чейин);
- Студенттер арасында онлайн режиминде “ӨЛБӨС ПОЛК” эстафетасын өткөрүү (ар бир студент өзүнүн чоң ата, чоң энесинин сүрөтүн көрсөтүп, эрдигин айтып берүү, 2 мүнөткө чейин);
- СОГУШ, ЖЕҢИШ, ТЫНЧТЫК темасындагы видео-роликтерди (2 мүнөткө чейин) жана сүрөттөрдү тартуу.
Сынакка келген видеоматериалдар алгач Фейсбукка, Инстаграммга АРДАГЕРЛЕРДИН ЭРДИКТЕРИН ДАНКТАЙБЫЗ хештек дарегине жайгаштырылат. Жыйынтыгы 10-майда чыгарылып, жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылат.
Бөлүшүү
Комментарийлер