АРАВАНДАГЫ С.ШАРИПОВ МЕКТЕБИНЕ КОШУМЧА ИМАРАТ КУРУЛА БАШТАДЫ
- 12.09.2022
- 0
Ош облусунун Араван районуна караштуу С.Юсупова айыл өкмөтүнүн аймагындагы С.Шарипов атындагы орто мектебине кошумча имаратты куруу иштери башталып, капсула салынды.
Маалыматка ылайык, капсула салуу аземине Араван районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Сейтек Кулубаев, социалдык маселелер боюнча акимдин орун басары Музафар Мамасаидов, Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Шамил Артыков катышты.
Кошумча имарат 225 орунга ылайыкташтырылып, ата-энелер жана демөөрчүлөрдүн эсебинен 10 млн сом тегерегиндеги акча жумшады.
Мектеп директорунун айтымында, имараттын 1-кабаты 3 айдын ичинде курулуп бүтүп, пайдаланууга берилет.
Г.А., “КБ”
Бөлүшүү
Комментарийлер