АРАЛЫКТАН  ОКУТУУДАГЫ  ЖАРАТМАНДЫК

  • 13.05.2020
  • 0

      Замандын агымына жараша, таажы вирусу илдетинин кесепетине байланыштуу учурда мектептерде аралыктан окутуу процесси жүргүзүлүп жатат. Бул багытта президентибиз Сооронбай Жээнбеков алдын ала көрөгөчтүк кылып үстүбүздөгү жылды “Алыскы аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоонун жылы” деп жарыялап ырас кылган экен. Анткени практикадан байкагандай санариптештирүүгө өтүп бардык окуучуларды аралыктан окутуу кыйла жеңил болуп калды. Анын үстүнө карантин учурунда ата-энелер үйдө отурушуп балдардын таалим-тарбиясына зор маани беришип, астейдил көмөктөшүп жатышат.

АРАЛЫКТАН  ОКУТУУДАГЫ  ЖАРАТМАНДЫК

 

Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында курулган мектепке үлкөн жардам көрсөткөн түрк ишкери Көксал Топтан мырзанын ысымы 2008-жылы ыйгарылган. Азыркы кезде саясатта, экономикада, деги эле коомдо ааламдашуу процесси кызуу жүрүп жатат. Билим берүү тармагында мурда анчейин калыптанбаган жаңы көз караштагы мамилени бүгүнкү кырдаал талап кылууда. Агартуучулардын алдына ар бир инсанга багытталган маалыматтардын негизинде окутуу керек деген албан милдет чукулунан коюлду. Ошондой эле адам менен табийгаттын ортосундагы экологиялык тең салмактуулукту, тазалыкты, байланыштарды сактоодо жоопкерчиликти сезген, гумандуу, сабаттуу, ар тараптан өнүккөн инсанды тарбиялоо зарылдыгын ар бир педагог түшүндү. Окуучуну мындайча тарбиялап, терең билим берүү үчүн биринчи кезекте зарыл шарттарды түзүү керек.

 

АРАЛЫКТАН  ОКУТУУДАГЫ  ЖАРАТМАНДЫК

Бул маселени чечүүдө тажрыйбалуу педагог, “эл агартуунун мыктысы”, бир канча грамота-сыйлыктардын ээси Пахринса Акботоева жетектеген Көтөрмө айыл өкмөтүнө караштуу Көксал Топтан атындагы №4 орто мектепте оозго аларлык иштер жүргүзүлүүдө. Алсак, жаш муунга билим берүүнү  тереңдетүү боюнча санариптештирүүнү тездетүү максатында мектеп Интернет желесине толук бойдон туташтырылды. Ата-энелердин көмөгү менен мектептин бардык кабаттарына видео көзөмөл орнотулду. Ал эми Көтөрмө айыл өкмөтү тарабынан 417 миң сомго 5 компьютер, 4 акылдуу доска жана 4 жаңы проектор алынды. 380 миң сомго жаңы класстык каана түзүлдү.

АРАЛЫКТАН  ОКУТУУДАГЫ  ЖАРАТМАНДЫК

Жеке ишкер Бектемир Мадумаров тарабынан кыргыз тили каанасы заманбап аппараттар менен жабдылып, “коопсуз каана” катары башка көптөгөн мектептерге үлгү болорлук деңгээлде ачылды. Анда уул-кыздарыбыздын мамлекеттик тилди тереңдеп өздөштүрүүсүнө бардык шарттар бар. Мектеп заманбап информатика каанасы менен да толукталды. Ага көп жыл бою информатика сабагын окутуп, балдардын урматтоосуна арзыган, кокусунан мезгилсиз дүйнөдөн кайткан, маркум Сайпидин уулу Сатыбалды агайдын ысымы ыйгарылды. Каананы капиталдык ремонттон өткөрүп, мыкты аппаратуралар менен жабдууда Сайпидиновдордун үй-бүлөсү, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Орунбай Кочкоров чоң жардам беришти.

Тоо койнундагы айылдын бул мектебин дайыма камкордукка алышкан Көтөрмө айыл өкмөтүнүн башчысы Махмуд Токторовго, айылдык кеңештин төрагасы Акжол Нурмаматовго, Бектемир Мадумаров, Сайпидиновдор баштаган ишкерлерге, сүрөөнчүлөргө мугалимдер терең ыраазычылыктарын билдиришти.

Кадырман калкыбызда “ийри олтуруп, түз кеңеш” деген нуска кеп бар. Демек, мектептин мугалимдери жөн гана тажырыйба бөлүшүп тим болушпастан, замандын талабына жараша жаңы аппараттарды өздөштүрүүгө белсенип жатышат. Алар “Мегаком”, “Билайн” компаниялары сунушташкан тиркемелерди колдонушууда. Ал эми ZOOM, multiurok, Kahoot, Watsap, Telegram, Googoldisk программаларын кеңири колдонушуп конференция, вебинарларды уюштуруп жатышат. Социалдык тармактарга видеосабактарды жүктөшүп ата-энелердин алкоосуна ээ болушту. Башталгыч класстын мугалимасы Назира Камбарова, математик Эльвира Эргешова, кыргыз тилчи Айнура Балтаказиева мультиурок сайтында өз алдынча иштешип, жаңы сайт ачышкандыгы үчүн долбоордун жетекчиси Дмитрий Тарасов тарабынан Алкыш баракчаларын алууга татыктуу болушту.

АРАЛЫКТАН  ОКУТУУДАГЫ  ЖАРАТМАНДЫК

АРАЛЫКТАН  ОКУТУУДАГЫ  ЖАРАТМАНДЫК

 

 

 

 

 

 

 

Мектептин директору Пакринса Акботоева, анын орун басарлары Сабира Эгембердиева, Уркуя Жолдошбаевалар кеңешме-жыйындарды ZOOM программасынын алкагында өткөрүшүп мугалимдерге методикалык жактан сезилерлик жардам көрсөтүп жатышат. Ал эми алардын демилгесин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Гайбуллаев баштаган адистер, методикалык кабинеттин өкүлдөрү колдоого алышып, аралыктан окутуунун өрнөгүн көрсөтүшүүдө. Жамаатта “Санарип мугалим” конкурсу да уюштурулду. Ага бардык мугалимдер тартылышты. Педагогдордун эмгектери Фейсбук, Ютуб каналдарына жүктөлүп, тажрыйба катары жайылтылууда. Жалпысынан 200 видеосабак тартылды. 87 конференция даярдалды. 11-класстын окуучулары менен ЖРТга карата вебинарлар уюштурулуп Асылбек Мадалиевдин түз эфир, Жусуп Молдобаевдин видеосабактарын көрүп, кайтарым байланышын жүргүзүүдө тилчи Айнура Балтаказиеванын демилгесин баса белгилөөгө болот. Жаңы замандын мультимедиа мугалимдери деп видеосабактары Кадамжай районунун аймагында кеңири жайылтылып жаткан А. Балтаказиеваны, “Санарип мугалим” конкурсунун катышуучусу Гүлмира Сабированы атоого болот. Ал эми изденүү менен иштеп жатышкан чыгармачыл педагогдордун катарын төмөнкү эжейлер толукташты: Айша Саттарова, Гүлсайра Абдырахманова, Назира Камбарова, Эльвира Эргешова, Айлархан Бекмурзаева, Сейдана Токторова.

Класс жетекчилер жалаң гана окутуу менен чектелип калышпастан ар кандай иш-чараларды ийгиликтүү өткөрүп жатышат. Маселен, Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү, Эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин майрамы, Кыргыз республикасынын Конституциясынын күнү, Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы боюнча видеосабактар таратылды. Сүрөт көргөзмөсү, ыр-бий, көркөм жана монолог окуу боюнча аралыктан уюштурулган конкурска окуучулар активдүү катышышты. “Өлбөс полк” марафону өткөрүлдү. “Аталардын эрдиктерин даңктайбыз” фестивалына да катышышты. Мунун баары жаш муунду мекенчил болууга, киндик каны тамган Ата Журтун сүйүп барктай билүүгө үндөй алат деп ойлойм.

АРАЛЫКТАН  ОКУТУУДАГЫ  ЖАРАТМАНДЫКАРАЛЫКТАН  ОКУТУУДАГЫ  ЖАРАТМАНДЫК

 

Тажрыйбалуу социалдык педагог Артыкбүбү Маккамбаеванын демилгеси менен аялуу катмардагы окуучуларга азык-түлүктөр, кеңсе товарлары тартууланды. Үч үй-бүлөгө телевизор алып беришти. 12 окуучунун телефонуна бирдик салынды. Жума сайын А. Маккамбаева эже интернет байланышы жетпеген Курулуш, Ак-Терек, Чарбак конуштарындагы окуучуларга барып, алардын көйгөйлөрүн чечип берди. Ата-энелер менен аралыктан чогулуш өткөрүп, “Балдарга мамиле жасоону үйрөнөлү” деген темада талкуу уюштурду.

Албетте, мектепте баары эле телегейи тегиз деп айтуудан алыспыз. Бирок, демилгечил мугалимдердин аракети менен ар кандай кырдаалда абалдан чыгууга боло турганын, жаштарды тарбиялоону эч качан унутпоо керектигин эске салгым келди.

Мария Гапирова,     Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти, Эл агартуунун мыктысы, бир катар сыйлыктардын ээси

Бөлүшүү

Комментарийлер