И.АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КМУНУН ЖЕТЕКЧИЛИГИ СТУДЕНТТЕРИНЕ ЖАНА ОКУТУУЧУЛАРЫНА КАЙРЫЛУУ ЖАСАДЫ

  • 27.04.2020
  • 0

Ардактуу кесиптештер, урматтуу студенттер, кандай гана кыйын кырдаал болбосун,  бүгүнкү күнү университетибиздин иш ыргагы өз калыбында улана бериши керек.

И.АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КМУНУН ЖЕТЕКЧИЛИГИ СТУДЕНТТЕРИНЕ ЖАНА ОКУТУУЧУЛАРЫНА КАЙРЫЛУУ ЖАСАДЫ

Албетте, дүйнөнү дүрбөлөңгө салган пандемиянын кырдаалына байланыштуу бизге аралыктан таалим-тарбия берүү милдети жүктөлүп отурат. Мындай кадам илдеттин жайылуусуна жол бербөө үчүн Өзгөчө кырдаалды киргизүүдөн улам жасалууда. Бул аракеттер жалпы коомчулук тарабынан колдоого алынбаса, анын кесепетин жоюу кыйынчылык жаратаарын билип, түшүнүп жана колдоп жатканыңар чыныгы патриот экениңерди далилдөөдө. Түзүлгөн кырдаал университеттин ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизбеши үчүн окуу процессин жаңыча уюштуруп, окуу контентин жаңы системага салып, жаңы технологияларды пайдалануу менен окутууну талап кылууда.

Мында, сиздердин салымыңыздар зор, урматтуу кесиптештер! Кандай гана кырдаал болбосун ак ниет педагогдук касиет, өзгөлөргө өрнөк болчу  кесипкөйлүк, тубаса талант жана топтолгон тажрыйба менен кыйынчылыктарды жеңүүдөсүңөр. Албетте, кырдаалга жараша ишибиздеги жаңычылыктардан, жашоо-тиричиликтеги кыйынчылыктардан жана моралдык-психологиялык дискомфорттордон улам кошумча түйшүктөр жаралууда.

Урматтуу кесиптештер!

Дал ушундай сыноолор бизди чыйралтып, нагыз кесипкөйлүгүбүздү, педагогдук жоопкерчилигибизди, инсандык беделибизди жана университетибизге болгон патриоттуулугубузду күчөтүү менен коом алдында жүзүбүз жарык болооруна ишенебиз. Кары-жашына жана бийлик-мансабына карабастан баардыгына бирдей кастарын салган  апаат көп нерселерге карата биздин көз караштарды өзгөртөөрү бышык. Тарыхта  мындай кырдаалда мыктылыгын көргөзгөн  далай  башчылар, кызматкерлер, ишкерлер жана карапайым инсандар арбын болгон.

Бирок, баарына кайыл болуп, эл жана мамлекеттин эртеңкиси болгон жаш муундун келечеги үчүн жан таштап иштеген силердин эмгек өзгөчө баага ээ болоору талашсыз.

Ал эми университеттин  баа жеткис байлыгы болгон  сүйүктүү студенттер,  ушундай оор шартта окуу жайдан кол үзбөй, билим,  таалим-тарбия алууңарды өксүтпөй, өзгөчө дилгирлик жана тырышчаактыкта окууну улантып жатканыңыздарды абдан жогору баалап,  ар дайым колдоо көрсөтүүгө даярбыз.

Урматтуу кесиптештер жана студенттер!

Эң негизгиси кайда болсоңор дагы өзүңүздөрдү  жана жакындарыңыздарды Өзгөчө кырдаалдын талаптарын так аткарууга чакырып,  аман-эсен жана сак-саламатта кайрадан сүйүктүү окуу жайда жолугуша турган күндү тездетүүгө салым кошосуздар деген ишеничтебиз.

Биздин өлкөбүздүн, шаарыбыз жана андагы көчөлөрүбүздүн,  университеттеги  факультеттердин,  аудиториялар менен лабораториялардын  байлыгы имараттар, буюмдар жана техникалар эмес, Сиздерде экендигин бул апаат көрсөттү. Ээнсиреп, томсоргон шаарыбыздагы  көчөлөрүбүз элге толуп, шаңга бөлөнөөр күн алыс эмес. Ошондо окуу жайдагы кафедралар менен аудиториялардын  жаны жана шаңы болгон силер келип, күпүлдөгөн билим дайрабыз өз нугунда жаңы дем менен сапарын улайт деген ишеним зор.

Университет сиздердин аман-эсен, сак саламатта жана өз  милдетиңиздерди так аткарып, кайтып келишиңиздерди чыдамсыздык менен күтөт!

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин

ректораты  

 

Бөлүшүү

Комментарийлер