АПСАМАТ ЖЕКШЕНБЕКОВДУН ЭРДИГИ ДАҢКТАЛДЫ

  • 30.11.2023
  • 0

Ат-Башы районундагы Анварбек Чортеков атындагы орто мектебинде 2022-жылдын сентябрында кыргызтажик чек арасында, жоого каршы туруп, баатырларча курман болгон жоокер, улук лейтенант Апсамат Жекшенбеков эскерилип, Мекен үчүн берген антына туруп, анын кылган эрдиги даңкталды жана анын атындагы класстык кабинет ачылды.

АПСАМАТ ЖЕКШЕНБЕКОВДУН ЭРДИГИ ДАҢКТАЛДЫ

Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын маалымат кызматынын берген маалыматына таянсак, эскерүү иш-чарага район акими Э.Абдыкадыров, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы О.Солтобаев, маркум жоокер Апсамат Жекшенбековдун  ата-энеси, бир туугандары жана айылдаштары катышты.

 

— Алгач, жоокерге багышталып куран окулуп, андан соң мектеп мугалимдери жана окуучулары айылдын баатыры болгон жоокердин окуучу кезиндеги кыялынан тартып, чек арачынын өткөргөн көз ирмемдерин, курман болгонго чейинки окуяларын жогорку деңгээлде сахналаштырылып, көрүүчүлөр тартууланды. Айыл өкмөтү, мектеп жамааты менен биргилекте мекен коргоп, баатыр болгон Апсаматтын билим алган мектебиндеги аскерге чейинки даярдоо классы жасалып, анын пайдаланган буюм-тайымдары, алган сыйлыктары, архивдик сүрөттөрү коюлуп, кабинетке ысымы ыйгарылды. Бул класста билим алган Апсаматтын чек арачы болууга кыялы күч болуп, ал максатына жеткенин, мектепте алдыңкы окуучулардын катарын толуктап,  бардык спорттун түрүнө шыктуу болгонун окутуучулар баса белгилеп, эскеришти.  Район башчысы Э.Абдыкадыров мекен үчүн шейит кеткен жоокердин эрдиги кийинки муунга өрнөк болуп, чек арачынын ысымы түбөлүк сыймык катары сакталып калаарын, патриот уулду тарбиялап өстүргөн ата-энесине таазим этерин айтты, — дейт мектептин тарбия завучу Айдай Кубанычбекова.

Маалымат катары айта кетсек, маркум Апсамат Жекшенбеков 1998-жылы 2-майда Терек-Суу айылында жарык дүйнөгө келген. Беш бир туугандын кенжеси болгон. Ал мектепте жалаң  “эң жакшы” деген баага окуган. Ал спорттук иш-чаранын бардыгына активдүү катышып, үлгүлүү окуучулардын катарын толуктаган. Мектепти аяктап, Бишкек шаарындагы Советтер Союзунун баатыры генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков атындагы аскердик институтуна өз күчү менен өткөн. Ал окуу жайда да өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп, бардык иш-чараларына катышып келген. 2020-жылы “лейтенант” наамын алып, окуу жайын аяктаган.

— Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаарындагы КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара кызматынын атайын багыттагы “Бөрү” отрядында 2051-аскер бөлүгүнө 2-атайын багыттагы отрядда чабуул, кол салуу тобунун командири кызматын өтөп келген. 2022-жылдын 16-сентябрында болгон кыргыз-тажик кагылышуусунда мекенин, эл-жерин коргоп, душман огунан 24 жашында курман болгон, — дейт А.Кубанычбекова.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер