АПРЕЛЬ РЕВОЛЮЦИЯСЫ – КЫРГЫЗ ЭЛИ АКЫЙКАТТЫ ТАПКАН КҮН

  • 05.04.2018
  • 0

2010-жылдагы Апрель революциясынын натыйжаларын, маанисин изилдөөнү улантуу жана анын жыйынтыктарын жайылтуу зарылдыгын 5-апрелде Улуттук илимдер академиясында өткөн “2010-жылдагы Апрель революциясынын сабактары жана мааниси” аттуу илимий кереге-кеңештин катышуучулары баса белгилешти.

АПРЕЛЬ РЕВОЛЮЦИЯСЫ – КЫРГЫЗ ЭЛИ АКЫЙКАТТЫ ТАПКАН КҮН

Иш-чарада “К.Бакиевдин башкаруу убагындагы непотизмдин гүлдөшү”, “Апрель революциясы Кыргыз- стандын саясий-экономикалык, социалдык, рухий жактан өзгөрүп, өнүгүшүнө алып келдиби?”, “24-март, 7-апрель салыштырмалуу анализ”, “Коом жаңырткан элдик революция”, “Элдик революциялар мектептин тарых сабактарында”, “Белгисиз баатырлар: революциянын күңгөй-тескейлери” деген темаларда баяндамалар окулуп, Апрель революциясы, анын натыйжалары, сабактары, мааниси жана учурдагы абал талкууланып, аларга обьективдүү баа бергенге аракеттер жасалды. КР Президентинин аппаратына караштуу “Мурас” фондунун төрагасы Кыяс Молдокасымов революциядан кийинки мезгилге токтолуп: “2005-жылдагы революциянын максаттары ишке ашпай калгандыктан, 2010-жыл анын уландысы болду. Андан бери Кыргызстанда болуп жаткан көптөгөн өзгөрүүлөрдү байкап жатабыз. Эң негизгиси үй-бүлөлүк коррупциялык схема жок болду. Башкаруу системасы менен коом өзгөрдү. Өлкө парламенттик башкаруу жолуна түштү”, — деген оюн билдирди. Кеңештин соңунда Кыргызстандын коомчулугун демократиялаштыруу маселелери боюнча илимий макалаларды, эмгектерди жарыкка чыгаруу; мамлекеттик бийликти өнүктүрүүгө карата илимий негизделген сунуштарды берүү; мамлекеттик бийликти жакшыртуунун илимий негиздеги сунуштарын берүү; кыргыз коомчулугун мындан ары дагы демократиялаштыруу проблемалары тууралуу китеп- терди жана илимий макалаларды жарыкка чыгаруу деген сыяктуу сунуштардан турган резолюция кабыл алынды.

Ч.КИЙИЗБАЕВА, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер