“АНГЛИЯ ЭКЗАМИНЕЙШНС” АНГЛИС ТИЛИН ОКУТУУНУН ЖАҢЫ МЕТОДИКАСЫН КИРГИЗҮҮДӨ

  • 15.11.2022
  • 0

2022-жылдын сентябрынан тарта “Anglia Examinations” билим берүү мекемеси Кыргызстандын төрт мектебинде жана үч университетинде англис тилин тереңдетип окутуу боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизди.

“АНГЛИЯ ЭКЗАМИНЕЙШНС” АНГЛИС ТИЛИН ОКУТУУНУН ЖАҢЫ МЕТОДИКАСЫН КИРГИЗҮҮДӨ

Долбоор Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте ишке ашырылууда. 2022-жылдын 11-ноябрында Билим берүү жана илим министрлиги менен “Anglia examinations” билим берүү мекемесинин ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Ага Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, “Anglia Examinations” билим берүү мекемесинин директору Тилек Үркүнчиев жана “Anglia Examinations” мекемесинин (Лондон, Улуу Британия) өкүлдөрү онлайн форматта катышты.

Мектептер жана университеттер менен Улуу Британиянын “Anglia Examinations” билим берүү мекемесинин ортосундагы кызматташтыктын алкагында окуу материалдары бекер берилип, окутуу усулдарын колдонуу боюнча тренингдер өткөрүлдү.

Тилек Үркүнчиевдин айтымында, окууну аяктагандан кийин окуучулар менен студенттер Улуу Британиянын, Чыгыш Азиянын, Латын Американын жогорку окуу жайлары тарабынан таанылган, эл аралык статусу бар сертификат алышат. Бул сертификат англис тилин билүү деңгээлин тастыктаган башка эл аралык сертификаттардан айырмаланып мөөнөтсүз берилет.

Учурда долбоор боюнча төрт мектептин ар биринен 50дөн окуучу окутулууда:

  • Жалал-Абад облусунун Октябрь айылындагы Р.Исманалиев атындагы мектеп;
  • Ысык-Көл районунун Ак-Чий айылындагы А.Ракымов атындагы мектеп;
  • Бишкек шаарынын “Ак-тилек” конушундагы жеке менчик мектеп;
  • Бишкек шаарындагы №58 мектеп.

Мындан сырткары Ош мамлекеттик университетинен 100 студент, Ысык-Көл мамлекеттик университетинен 50 студент, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинен 50 студент бар.

Долбоор ошондой эле “Anglia examinations” билим берүү мекемесинин эсебинен мугалимдерди Лондонго жиберет. Биринчи делегация 2023-жылдын 9-январынан 14-январына чейин Лондонго (Улуу Британияга) барууну пландаштырууда. “Anglia examinations” (Лондон, Улуу Британия) дүйнө жүзү боюнча англис тили боюнча эл аралык сынактарды өткөрөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер