АНГЛИС ТИЛИНИН БИР АЙЛЫГЫНА АКТИВДҮҮ КАТЫШУУДА

  • 17.02.2023
  • 0

Кемин районунун мектептеринде англис тилинин бир айлыгына арналган иш-чаралар уюшкандыкта өтүүдө. Бул тууралуу Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Альбина Бедельбаева билдирди.

АНГЛИС ТИЛИНИН БИР АЙЛЫГЫНА АКТИВДҮҮ КАТЫШУУДА

Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын 3-февралындагы “Билим берүү жөнүндөгү” № 336/1 буйругун аткаруу максатында Кемин райондук билим берүү бөлүмүндө үстүбүздөгү жылдын 7-февралынан 7-мартына чейин “Англис тилинин бир айлыгы” активдүү уюштурулуп жатат. Райондук билим берүү бөлүмүнүн Англис тили усулдук бирикмесинин жетекчиси Ч.Кармышбекованын демилгеси менен Кемин районундагы мектеп  окуучуларынын арасында “Америка ырларынын конкурсу” (“American song Contest”) ырдоо сынагы Кызыл-Октябрь айылындагы М.Ч.Кашаганов атындагы орто мектепте өткөрүлдү. Катышуучулар сынактын талабы боюнча сөзү, ыры америкалык болгон 300дөн ашык ырларды аткарышып, бий ж.б. өнөрлөрүн көрсөтүштү.

АНГЛИС ТИЛИНИН БИР АЙЛЫГЫНА АКТИВДҮҮ КАТЫШУУДА

Райондук деңгээлде уюштурулган сынактын жыйынтыгында биринчи орунду Жол-Булак мектебинин окуучусу Айдана Жумадылова жана Б.Солтоноев атындагы мектептин окуучусу Сезим Курманбекова татыктуу болсо, байгелүү экинчи орунду ушул эле мектептен Самира Картаңбаева менен Т.Өмүралиев атындагы мектептин окуучусу Айдана Супатаева ээледи.

Жеңүүчүлөр Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн атайын грамоталары менен сыйланды.

 

А.КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер