“АНГЛИС ТИЛИН ҮЙРӨНӨБҮЗ” / “ИЗУЧАЕМ АНГЛИЙСКИЙ ЯЗЫК” КИТЕБИ БОЮНЧА МИНИСТРЛИКТИН БИЛДИРҮҮСҮ

  • 03.08.2023
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги интернет колдонуучулар арасында талкуу жараткан “Англис тилин үйрөнөбүз” / “Изучаем английский язык” (авторлору: Бакирова Н., Ракимова Ч.) китеби боюнча төмөнкүлөрдү билдирет.

post.title

Жогоруда аталган китеп министрликке караштуу Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан да, “Окуу китеби” республикалык илимий-практикалык борбору тарабынан да тиешелүү экспертизалардан өткөрүлгөн эмес.

Ошондой эле жыл сайын министрлик тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарына окуу процессинде колдонуу үчүн сунушталуучу окуу китептеринин тизмесине киргизилген эмес.

Министрлик тиешелүү экспертизалардан өткөрүлбөгөн китептерди колдонууга сунуштабайт.

Такталган маалымат боюнча бул китеп 2014, 2021-жылдары авторлордун жеке каражаттарына басылып, коммерциялык максатта сатыкка чыгарылган.

“АНГЛИС ТИЛИН ҮЙРӨНӨБҮЗ” / “ИЗУЧАЕМ АНГЛИЙСКИЙ ЯЗЫК” КИТЕБИ БОЮНЧА МИНИСТРЛИКТИН БИЛДИРҮҮСҮ

Ушундан улам министрлик ата-энелерден балдарына китеп сатып берүүдө китептин грифи (уруксаты) бар-жогуна көңүл буруусун суранат. Ошондой эле авторлорго жана жеке менчик басмаларга китеп басуу өндүрүшүндө Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарынын жана мыйзамдык актыларынын талаптарын аткаруу керектигин эскертет.

Бөлүшүү

Комментарийлер