АНГЛИС ТИЛИ МУГАЛИМДЕРИ ҮЧҮН МАСТЕР-КЛАСС

  • 09.02.2024
  • 0

8-9-февралда К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун чет тилдер кафедрасы Каракол шаарынын жана Ысык-Көл облусунун мектептеринин кырктан ашык англис тили мугалимдери үчүн мастер-класстарды уюштурду.

АНГЛИС ТИЛИ МУГАЛИМДЕРИ ҮЧҮН МАСТЕР-КЛАСС

Мастер-класстын тренерлери чет тилдер кафедрасынын окутуучулары ELF Annette Schaffer менен Fulbright ETA Colby Santana болушту. Окуунун негизги багыты жаңы ресурстарга жана окутуунун жаңы ыкмаларына, сабакты пландаштырууда, сөз байлыгын өнүктүрүүдө жана классты уюштурууда колдонула турган онлайн ресурстарга арналды.

АНГЛИС ТИЛИ МУГАЛИМДЕРИ ҮЧҮН МАСТЕР-КЛАСС

Тренинг учурунда ChatGPT, JeopardyLabs, Quizlet, NYT Daily Games, BreakingNewsEnglish жана башка көптөгөн ресурстарды англис тили сабагында кандай колдонууга боло тургандыгы көрсөтүлдү. Ошондой эле англис тили сабагында импровизациянын ролу талкууланды.

Сабактын жүрүшүндө тренерлер тез арада креативдүү ой жүгүртүү менен англис тили практикасын айкалыштырган бир нече импровизациялык тапшырмаларды көрсөтүштү.

Бөлүшүү

Комментарийлер