АНГЛИС ТИЛ ЖУМАЛЫГЫ
- 21.02.2022
- 0
Ноокат районундагы көркөм сүрөт мектебинде англис тил жумалыгы өтө таасирдүү өттү.
Салтка айланып калган бул иш-чараны мектептин англис тили мугалими Айсулуу Кадырова уюштурду.
-Бул жолку жумалык эсте каларлык болду.
Балдар сүрөт тартышты, ыр ырдашты, ырларды жатка айтышты. Ушинтип англис тилине карата өз сүйүүсүн билдиришти, — дейт тажрыйбалуу педагог.
Жумалыкты жыйынтыктоочу иш-чарада активдүү катышкан окуучуларга дипломдор, грамоталар тапшырылды.
А. Алибеков, «Кут Билим»
Бөлүшүү
Комментарийлер