“АНДЕРСЕНДИН ЖОМОКТОРУНА САЯКАТ” ОНЛАЙН-СЫНАК ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

  • 19.05.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору менен бирдикте өткөргөн “Андерсендин  жомокторуна  саякат” республикалык  онлайн-сынагы жыйынтыкталды.   Жалпы билим берүүчү мектептердин жана мектептен тышкаркы билим берүүчү уюмдардын театралдык студиялардын арасында  өткөн  онлайн-сынакта гран-прини “Снежная королева” спектакли менен Москва райондук «ТаңНуру”  балдар чыгармачылык  борборунун “Вдохновение”  театралдык студиясы жеңип алса, 1-орунга “Снежная королева” спектакли менен Шопоков шаарындагы №1 мектеп-гимназиясы татыктуу болду.  Ал эми 2-орунга “Дюймовочка”  спектакли менен Чүй облусундагы     Озерная  жалпы билим берүүчү орто мектебинин  окуучулары камсыздашты. Ошондой эле 3-орунга “Принцесса на горошине” жомогу менен  Жети-Өгүз районунун “Наристе”  Ш.Самакова атындагы балдардын мектепке чейинки уюму жана “Түрү суук жөжө” жомогу менен Кемин районундагы Балдар жана өспүрүмдөр борборунун тарбиялануучулары татыктуу болушту.

— Ганс Христиан Андерсендин чыгармалары дүйнөнүн 150 тилине которулган. Быйыл жазуучунун  туулгандыгына  215 жыл. Андерсен сүрөттөгөн дүйнө укмуштуу жана өтө кооз! Сыйкыр, фантазия менен катар, анын жомокторунда  философиялык терең ой жатат. (Чыгармалары: “Гадкий утёнок”, “Новое платье короля”, “Дюймовочка”, “Стойкий оловянный солдатик”, “Принцесса на горошине”, “Оле Лукойе”, “Снежная королева”, “Русалочка” ж.б). Канча мезгил өтсө да калем чеберинин эмгектери күнү бүгүнкүдөй актуалдуулугун жоготпой келет. Бул театралдык онлайн-сынак адам баласына өлбөс-өчпөс руханий байлык калтырып кеткен генийдин даталуу  жылына  арналмакчы. “Андерсендин жомокторуна саякат”  аттуу  жалпы  билим  берүүчү  мектептердин  жана мектептен тышкаркы билим берүүчү уюмдардын театралдык  студиялардын  арасында  онлайн-сынак  жарыяланган.  Бул онлайн-сынакка  Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарынан 18 спектакль келип түштү, — дейт “Сейтек” борборунун директору С.Челпакова.

Мектептердин жана мектептен тышкаркы  уюмдардын  театралдык студиялардын  жиберген эпизоддорду карап олтуруп, калыстар тобу  окуучулардын  театр искусствосуна  катышууга чоң ынтызар экендигин  байкашты. Театралдык  студияларды жетектеген  мугалимдердин атайын билими жок болсо дагы, балдар менен кызыктуу иштешип, спектаклдин темаларын ачып бергенге аракет кылышты. Бул да болсо жер-жерлерде  театр искусствосун балдардын арасында  өстүрүүгө салым  кошуп  жаткандыгына  токтолсок  болот.

— Спектаклдерди музыка  менен хореография коштоп,  эпизоддун темасына карата  декорациялар  коюлуп, костюмдар  тигилген. Катышуучуларага “Мыкты спектакль”, “Мыкты коюучу”, “Мыкты аткаруучу” номинациялары  берилип, активдүү катышкандыгы  үчүн  грамоталар тапшырылат. Балдарды  театр искусствосуна  тартуу ирээтинде, театр студияларынын жетекчилери үчүн  онлайн-окууну өткөрүүнү  пландаштырып  жатабыз. Ар бир сынакта жеңгендер, жеңилгендер болот эмеспи, — дейт борбордун директорунун орун басары Ира Балтабаева.

Сыйлыктарды тапшыруу аземи 2021-ж. 20-майында Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун концерттик  залында өтөт.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 Жалпы билим берүүчү мектептердин жана мектептен тышкаркы билим берүүчү уюмдардын театралдык студиялардын арасында  өткөн  “Андерсендин жомокторуна саякат”  онлайн-сынактын   сыйлыкка  көрсөтүлгөн

ТИЗМЕСИ

  Спектаклдин  аталышыТеатралдык студиянын  аталышыЭэлеген  оруну
1“Снежная королева”“Вдохновение”  театралдык студиясы, Москва райондук «Таң- Нуру”  балдар чыгармачылык  борбору.Гран-при
2“Снежная королева”№1 мектеп-гимназиясы Шопоков ш., Сокулук  р-ну.1-орун
3 “Дюймовочка”Озерная  жалпы билим берүүчү орто мектеби  Аламүдүн   району, Чүй обл.

 

2-орун
4“Принцесса на горошине”“Наристе” Ш.Самакова ат.балдардын мектепке чейинки уюму, Жеты-Өгүз  р-ну, Ысык-Көл обл.,

 

3-орун
5“Түрү суук жөжө”Балдар жана өспүрүмдөр борбору, Кемин р-ну, Чүй обл3-орун
6“Дюймовочка”Фрунзе №1 мектеп-лицейи, Сокулук району, Чүй обл.

Бака апасы: Фирсова Анастасия — 3-кл.

Бака баласы: Костина Валерия — 3-кл.

Мыкты аткаруучу”
7“Дюймовочка”Ч.Айтматов ат. №1 Новопавловка  инновациялык окуу-тарбия комплекси,  балдардын чыгармачылык борбору.“Мыкты коюучу”

Эсеналиева Айнур  Бейшекеевна

8“Түрү суук өрдөк”“Деми-арт” театралдык студиясы, Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору“Мыкты спектакль”
9“Снежная  королева”Стрельникова  ат. жалпы билим берүүчү орто  мектеби, Аламүдүн р-нуАктивдүү катышкандыгы үчүн  Грамота
10“Гадкий утенок”Мрамордук  жалпы  билим берүүчү орто мектебиАктивдүү катышкандыгы үчүн  Грамота
11“Стойкий оловянный солдатик”Раздольный орто мектебиАктивдүү катышкандыгы үчүн  Грамота
12“Дворовый петух и флюгерный”Ч.Байсалбеков ат. орто мектеби, Кызыл-Туу а. Сокулук р-нуАктивдүү катышкандыгы үчүн  Грамота
13“Дворовый петух и флюгерный”Ш.Эркинбаев ат. орто мект., Горный Маевка а. Аламүдүн р-нуАктивдүү катышкандыгы үчүн  Грамота
14“Гадкий утенок”№4 жалпы билим берүүчү орто мектеби, Кара-Балта ш.Активдүү катышкандыгы үчүн  Грамота
15«Дюймовочка”Чүй райондук балдар  жана өспүрүмдөр  борборуАктивдүү катышкандыгы үчүн  Грамота
16“Принцесса на горошине”“Таң чолпону”  өспүрүм балдардын окуу чыгармачылык  борборуАктивдүү катышкандыгы үчүн  Грамота
17“Цветы маленькой  Иды”Фрунзе №1 мектеп-лицейи, Сокулук району, Чүй обл.Активдүү катышкандыгы үчүн  Грамота
18“Ширенке  жандырган  кыз”№16 А.Навои ат. орто мект., Ала-Бука р-ну, Жалал-Абад обл.Активдүү катышкандыгы үчүн  Грамота
19“Суук тумшук”Сокулук районундагы Р.Мамыралиев ат. мектеп- гимназиясыАктивдүү катышкандыгы үчүн  Грамота

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер