АНАРГҮЛ ЖОЛДУБАЕВА ОРУС ТИЛИ БОЮНЧА I ЭЛ АРАЛЫК ПЕДАГОГИКАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ БОЛДУ

  • 05.12.2023
  • 0

Нарын районунун Өрнөк айылындагы Жакып Өмүралиев атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Анаргүл Жолдубаева орус тили боюнча I Эл аралык педагогикалык олимпиадада «Жогорку усулдук сабаттуулук» номинациясы боюнча жеңүүчү болду.

АНАРГҮЛ ЖОЛДУБАЕВА ОРУС ТИЛИ БОЮНЧА I ЭЛ АРАЛЫК ПЕДАГОГИКАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ БОЛДУ

Сыйлыкты Иммануил Кант атындагы Балтика федералдык университетинин ректору Александр Федоров тапшырды.

Белгилей кетсек, орус тили боюнча I Эл аралык педагогикалык олимпиада 2023-жылдын 20-30-ноябрында Калининград шаарындагы Балтика федералдык университетинде өткөн.

Тандоо этабына 28 өлкөдөн 150гө жакын адам катышкан. Анын жыйынтыгы боюнча 11 адам жеңүүчү, 12 адам вице-жеңүүчү деп аталды.

Бөлүшүү

Комментарийлер