«АЛТЫН ТАМГАНЫН» ЭЭЛЕРИ АНЫКТАЛДЫ

  • 24.06.2020
  • 0

«Алтын тамга» тестирлөөсүнө 1250 окуучу катышты. Алардын 241 артыкчылык аттестатын алуу укугуна ээ болушту. Тестирлөө 2020-жылдын 12-июнунан 19-июнуна чейин өттү.

«АЛТЫН ТАМГАНЫН» ЭЭЛЕРИ АНЫКТАЛДЫ

«АЛТЫН ТАМГАНЫН» ЭЭЛЕРИ АНЫКТАЛДЫ

Сынактын өзгөчөлүгү

«Алтын тамга» мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясы бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздаган талаптарды сактоо менен реалдуу режимде өттү жана окуучулар жыйынтыкты дароо колуна алышты. Анткени Билим берүү жана илим министрлиги сынакты өткөрүүнүн бир нече варианттарын даярдап, билим берүү системасындагы практиктер, эксперттер менен талкуулагандан кийин ушундай чечимге келишкен.

Сынак учурунда ар бир бүтүрүүчүгѳ ѳзүнчѳ планшет берилген. Бүтүрүүчү тѳрт предметтен реалдуу режимде тест тапшырып, бүтөөрү менен жыйынтык чыгарылып турду. Жалпы жыйынтык менен бүтүрүүчү да, кабыл алып жаткан эксперттер да дароо таанышканга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мындай форматта ѳткѳрүү үчүн онлайн программа, тиешелүү техникалык жабдыктар, тесттер даярдалган.

«Алтын тамга» мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясы облустук борборлордо (Бишкек, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Нарын, Каракол) ѳткѳрүлдү. Маалыматка караганда, имараттар дезинфекцияланып, социалдык дистанция сакталып жана ар бир бүтүрүүчү жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздалган.

Эмне үчүн сынак реалдуу форматта ѳттү?

Биринчиден, бүтүрүүчүлѳр реалдуу режимде он жыл жана үч чейрек окушту, бир гана тѳртүнчү чейрек дистанттык формада жүргүзүлдү. Мында окуу программаларын ийгиликтүү ѳздѳштүрүшү үчүн окуучулар электрондук окуу ресурстары менен камсыздалды, телесабактар тартылып, негизги окуу материалдар кѳрсѳтүлдү, мугалимдер аркылуу кайтарым байланыш жүргүзүлдү. Экинчиден, ар бир баалоо ишенимдүү жана объективдүү жүргүзүлүшү керек. Мындай кѳз карандысыз баалоо ар кандай коррупциялык тобокелдиктерге бѳгѳт коет.

«Алтын тамга» мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясына катышуу милдеттүү түрдѳ эмес, ар бир талапкер ѳз ыктыяры менен катышты.

Быйыл 2,5% өсүш бар

— 2020-жылы «Алтын тамга» тестирлөөсүнө 1250 бүтүрүүчү катышты. Алардын ичинен 234 бүтүрүүчү билимин тастыктап, «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына ээ болушту. Бүтүрүүчүлөр реалдуу режимде электрондук форматта билимдерин сынады. Биз балдарга планшеттерди тараттык. Тест тапшырып бүткөндөн кийин алар дароо баа алып, жыйынтыктарын көрүштү. 2019-жылы 1065 адам тест тапшырып, 182 бүтүрүүчү «Алтын тамга» аттестатын алышкан. Былтыркыга караганда быйыл 2,5%га өсүш бар, — деди өткөн брифингде билим министри Каныбек Исаков.

«Алтын тамга» тестирлөөсүнө катышкан бүтүрүүчүлөрдүн 17 пайызы артыкчылык аттестатын алышат.

Тестти кыргыз тилинде тапшыргандардын саны 585, орус тилинде 430, өзбек тилинде 29га жетти. Тесттин жыйынтыгы менен макул болгондор мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан бошотулат.

Билдирүүгө таянсак, бул жылы 11-классты 61 миң, 9-классты 95 миң окуучу аяктайт.

Бишкек, Чүй жана Нарын шаары

Бизге келген маалыматка таянсак, Чүй, Бишкек жана Нарын шаарларындагы талапкер бүтүрүүчүлөр өзгөчө үлгүдөгү аттестат алуу үчүн тест тапшырышты.

Тестирлөө бардык санитардык талаптарды сактоо менен өткөрүлдү. Социалдык аралык сакталып, ар бир окуучуга акысыз беткап жана антисептиктер берилди.

Билимди баалоонун объективдүүлүгүнө доо кетирчү тобокелдиктер жокко чыгарылган. Талапкерлер тестти планшет аркылуу реалдуу режимде тапшырып, жыйынтыкты дароо алышты. Эч кандай талаш-тартыш жок, ачык-айкын өткөнүн бүтүрүүчүлөр жана ата-энелер тастыктап, ыраазычылыгын билдиришти. Ал эми Чүй облусу боюнча жалпы 99 талапкер катталган. Анын 97си сынакка катышкан.

Алыскы Ат-Башы районунан катышка он эки талапкердин ичинен үч бүтүрүүчү «Алтын тамганын» ээси болушту. Анын бири Ой-Терскен орто мектебинин 11 «а» классынын бүтүрүүчүсү Таазим Маратова.

«АЛТЫН ТАМГАНЫН» ЭЭЛЕРИ АНЫКТАЛДЫ

— «Алтын тамгага» катышканыма кубанычтамын. Биринчиден ата-энеме, ошондой эле мени окутуп, билим берген эжей-агайларга ыраазычылыгымды билдирем. Коронавируска байланыштуу тест онлайн форматта өттү. Онлайн тапшыруу жеңил деп ойлогом, бирок абдан кыйын экен, оңойго турган жок. 2009-жылы алгачкы мектеп босогосун аттагам. Биринчи мугалимим Сагындыкова Роза, кийинки класс жетекчим Асаналиева Назгүл эжейлерге өзгөчө ыраазычылыгымды билдирем. 11 жыл окуган билимимди тастыктадым. Тест жогорку деңгээлде өттү. Бардык шарттар каралыптыр.

«АЛТЫН ТАМГАНЫН» ЭЭЛЕРИ АНЫКТАЛДЫ

«АЛТЫН ТАМГАНЫН» ЭЭЛЕРИ АНЫКТАЛДЫ

Биз Нарын шаарына барып, Т.Сатылганов атындагы мектепте онлайн тест тапшырдык. Тест тапшырып бүтөөрү менен жыйынтыгы чыгып атты. Төрт предметтен: химия, Кыргызстандын тарыхы, кыргыз тили жана алгебра предметтери боюнча берилген 107 суроого жооп бердик. Суроолорго жооп бергенден кийин компьютерден жыйынтыгын чыгарып беришти. Тестке 3,5 саат убакыт берилди. Тест башталаары менен планшет берилди, анда атайын программалар орнотулуптур, убакыт да ичине коюлуптур. Көзөмөлдөгөн комиссия мүчөлөрү онлайн тестти кантип берүү боюнча түшүнбөгөн суроолорубузга жардам беришти. Ат-Башыдан 13 окуучу катышмак, анын 12и катышты. Анын ичинен үч окуучу «Алтын тамганын» ээси болушту, — дейт кубанычы койнуна батпаган Таазим Маратова.

Гүлнара Алыбаева, «Кути Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер