«АЛТЫН ТҮЙҮНДҮН» ЖАШ ШАХМАТЧЫЛАРЫ ЭЛ АРАЛЫК ТАЙМАШКА ЧЫГАТ

  • 10.04.2023
  • 0

"АЛТЫН ТҮЙҮНДҮН" ЖАШ ШАХМАТЧЫЛАРЫ ЭЛ АРАЛЫК ТАЙМАШКА ЧЫГАТ

Ош шаарында жети жашка чейинки мектеп окуучуларынын арасындагы чемпионатта Тё София жүз пайыздык жыйынтык менен жеңүүчү болду, ал эми Рамисова Аделина 11 жашка чейинкилердин арасында күмүш медалга ээ болду.

Эми алар Азия жана Дүйнө чемпионаттарында Кыргызстандын атынан ат салышат. «Алтын түйүн» улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын шахмат клубу шаардагы эң күчтүүлөрдүн бири, анткени аны Кыргызстандын чемпиону жана эл аралык арбитр, мыкты машыктыруучу Азиз Умарбеков жетектейт. Дагы бир жолу ал өзүнүн эң жогорку деңгээлин тастыктап, Ош шаарында өткөн «Исираил Ата-2023» Кубогунун ачык рапид-турниринде эркектер арасында жеңүүчү болду. Турнирге Ош, Бишкек шаарларынан жана Ош, Ысык-Көл, Талас, Баткен жана Чүй облустарынан күчтүү шахматчылар катышты. Ошондой эле турнирдин алкагында Улуттук калыстар үчүн семинар болуп, анда Азиз Анварович лектор катары чыгып сүйлөдү. Биздин кыздарды жана алардын мыкты машыктыруучусу Азиз Умарбековду ушул чоң натыйжалары менен куттуктайбыз!

"АЛТЫН ТҮЙҮНДҮН" ЖАШ ШАХМАТЧЫЛАРЫ ЭЛ АРАЛЫК ТАЙМАШКА ЧЫГАТ

Бөлүшүү

Комментарийлер