«АЛТЫН ТҮЙҮН» БИЛИМ БЕРҮҮ ГОРИЗОНТТОРУН КЕӉЕЙТҮҮДӨ

  • 26.09.2022
  • 0

«Алтын түйүн» Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын директору Бапанова Жаркын Базановна жана Б.Н.Ельцин атындагы Урал федералдык университетинин ректору Кокшаров Виктор Анатольевич «Алтын түйүн» жана анын филиалдарынын окуучулары үчүн биргелешкен инновациялык, кесипке багыттоочу, билим берүү жана конкурстук иш-чараларды ишке ашыруу боюнча кызматташуу тууралуу макулдашуу түзүштү.

Кызматташуу жөнүндө келишимде «XXI кылымдын интеллектуалдары» эл аралык форумуна Урал университетинин катышуусу каралган. Ошондой эле «ИЗУМРУД» окуучулар олимпиадасын өткөрүү үчүн аянтчаларды жана Кыргыз Республикасынын  шаарларында аралыктан компьютердик тестирлөө аркылуу УрФУга кабыл алуу сынактарын өткөрүү, абитуриенттерди тартуу боюнча иш-чараларды өткөрүү жана «Алтын түйүн» Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу сыяктуу иштер болот.

Келишимге кол коюу Кыргызстандын окуучулары жана педагогдору үчүн билим берүү горизонтторун кеӊейтүү үчүн олуттуу салым кошуу болуп саналат. (КС)

Бөлүшүү

Комментарийлер