АЛЬПИНИСТ ЭДУАРД КУБАТОВ ОШТУДА

  • 02.11.2021
  • 0

Дүйнөнүн эң бийик чокусу — Эверестти кыргыздардан алгачкы болуп багындырган Эдуард Кубатов Ош технологиялык университетинин студенттери менен жолугушту.

Улуу тоонун туу чокусуна жетип, эмгегин өз элине арнаган кыргыздын патриоту менен жолугушууга келген студенттердин саны арбын болду.  Эдуард Кубатов студенттерге Эверест чокусун багындырууга көргөн даярдыгы, чокуну багындыргандагы сезимдери тууралуу студенттерге айтып берди.  Ал өз сөзүндө жети жыл бою бир дагы машыгууну калтырбаганын айтып, жаштарды кандайдыр бир максатка жетүүдө эч качан орто жолдон таштап койбой аягына чейин баруу керектигин айтып, өзүнүн улуу тоонун чокусунда туруп алып, Кыргызстандын желегин кармап, эмгегин элине арнап жаткандагы сезимдер эч качан, эч жерде кездешпеген, сөз менен айтып түшүндүрө алгыс, бийик сезимдер экендигин белгиледи. Кандайдыр бир ийгиликке жетиш үчүн сөзсүз эле акчасы көп бай болуштун, сөзсүз эле сөзү өтө турган бир таасирдүү адам болуштун, же бирөөлөр тарабынан дайындалыштын кереги жоктугун, болгону, адамдын өзүнө болгон ишенимдин күчтүүлүгү жана тынымсыз аракет болуш керек экендигин баса белгиледи.

Студенттер Эдуард Жумакадыровичтен өздөрү кызыккан суроолорго жооп ала алышты. Көпчүлүк студенттер патриот мырзанын жасаган эрдигине суктануу менен мындан аркы иштерине ийгилик каалап жатышты. Дүйнөнүн эң бийик чокусун багындырган кыргыз алпинисти ушул экспедиция Эверест темасынын акыркысы болорун белгилеп өттү.

2021-жылы жаз айларында Эдуард Кубатов дүйнөнүн эң бийик чокусу Эверестти кыргыздардан алгачкы болуп багындырган. Бийиктиги 8848,8 метр болгон бул чокуну багынтуу 23-май күнү саат 8:35те ишке ашырылган.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер