МИНИСТР БЕЙШЕНАЛИЕВДИН НАРЫН ОБЛУСУНА БОЛГОН ИШ САПАРЫ

  • 26.01.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев иш сапары менен Нарын облусунун Жумгал, Кочкор райондорунда болду.

МИНИСТР БЕЙШЕНАЛИЕВДИН НАРЫН ОБЛУСУНА БОЛГОН ИШ САПАРЫ

Бейшеналиев Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылындагы Тыналы атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты. Аталган мектеп 2020-жылдын декабрь айында курулушу толук аяктап пайдаланууга берилген. Азыркы учурда мектепте 300 окуучу билим алып, 31 мугалим эмгектенет. Министр министрликтин атынан жаңы курулган мектепке 16 комплект компьютер тапшырды.

МИНИСТР БЕЙШЕНАЛИЕВДИН НАРЫН ОБЛУСУНА БОЛГОН ИШ САПАРЫ

Алмазбек Бейшеналиев министрликтин атынан жаңы курулган мектепке 16 комплект компьютер тапшырды.

МИНИСТР БЕЙШЕНАЛИЕВДИН НАРЫН ОБЛУСУНА БОЛГОН ИШ САПАРЫ

Министр иш сапарын улай Жумгал районунун Таш-Дөбө айылындагы мектептин курулушу, ошондой эле Кочкор районунун Теңдик айылындагы Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинин, Кара-Тоо айылындагы Ш.Абдылдаев атындагы орто мектебинин жалпы абалы менен таанышты.

МИНИСТР БЕЙШЕНАЛИЕВДИН НАРЫН ОБЛУСУНА БОЛГОН ИШ САПАРЫ

Мындан сырткары министр облустук билим берүү жана райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчилерине ар бир райондогу көйгөйлүү деп саналган мектептердин тизмесин тактап берүүсүн тапшырды.

МИНИСТР БЕЙШЕНАЛИЕВДИН НАРЫН ОБЛУСУНА БОЛГОН ИШ САПАРЫ

Бөлүшүү

Комментарийлер