АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ ШЫБЫ УРАГАН МЕКТЕПКЕ БАРДЫ

  • 21.05.2022
  • 0
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылындагы №18 А.Чымканаев атындагы мектебине мугалимдер менен окуучулардан кабар алуу үчүн барды.
АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ ШЫБЫ УРАГАН МЕКТЕПКЕ БАРДЫ
Министр билим уясынын биринчи корпусундагы шыбы ураган кабинетти көрүп чыкты. Мектептин абалы менен таанышуу учурунда Терек-Сайга инвесторлордун жардамы менен жаңы мектеп салынары айтылды.
Сапардын жүрүшүндө министр Чаткал районундагы бардык мектеп жетекчилери менен жыйын өткөрүп, тармактагы жаңылануулар боюнча жеринен маалымат берди.
АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ ШЫБЫ УРАГАН МЕКТЕПКЕ БАРДЫ
Кырсык учурунда сабакта болгон окуучулардын жана мугалимдин ден соолугуна олуттуу зыян келтирилген эмес, окуучулар сабактарын кадимки режимде улантып жатышат.
Мектептин кырсык болгон корпусунда окуу процесси токтотулду. Экинчи жарактуу корпуста сабактар уланууда.
Бөлүшүү

Комментарийлер