АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ: “МУГАЛИМДЕРГЕ СЫЙ-УРМАТТЫ КҮЧӨТӨ ТУРГАН – АТА-ЭНЕ”

  • 22.02.2022
  • 0

22-февралда Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев иш сапары менен Баткен облусунда болду. Иш сапарынын алкагында министр Баткен облусунун билим берүү уюмдарына барып, мугалимдер, окуучулар, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү жана элеттеги тургундар менен жолугушту. Жолугушууда билим берүү жаатындагы көйгөйлөр айтылды.

АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ: “МУГАЛИМДЕРГЕ СЫЙ-УРМАТТЫ КҮЧӨТӨ ТУРГАН – АТА-ЭНЕ”

Кадамжай районунун Жаш-Тилек айылындагы Жаш-Тилек толук эмес орто мектебинде өткөн жолугушууда Алмазбек Бейшеналиев билимдүү коомду куруу үчүн жалпы коомчулуктун аракети, колдоосу зарыл экенин белгилеп, тарбия маселесине токтолду:  “Бүгүн социалдык тармактардан ар кандай терс көрүнүштөр, фактылар тууралуу маалыматтарды окуп калып жатабыз. Андай нерселер болбош үчүн үй-бүлөдө балдардын тарбиясына көбүрөөк көңүл бурууңуздарды суранабыз. Мугалимдерге сый-урматты күчөтө турган – ата-эне. Андыктан үйдө балдарыңыздарга өзүңүздөр билим алып жаткан чакта мугалимдерге кандай мамиле жасаганыңыздарды айтып берип, жакшы тарбияласаңыздар. Урматтуу мугалимдер, сиздер дагы мектепте окуучуларга мүмкүн болушунча терең билим, жакшы тарбия берүүгө аракеттенсеңиздер”, – деди министр.

АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ: “МУГАЛИМДЕРГЕ СЫЙ-УРМАТТЫ КҮЧӨТӨ ТУРГАН – АТА-ЭНЕ”

Иш сапары маалында Алмазбек Бейшеналиев жергиликтүү жетекчилердин коштоосунда Баткен районунун Ак-Турпак айылындагы Балтабай Нуралиев атындагы мектепке барып, авариялык абалдагы имаратты көрүп чыкты. Аталган мектепте өткөн жолугушууда мектеп мугалимдери жана жергиликтүү тургундар министрден авариялык мектептин ордуна жаңысын куруу маселесин чечүүгө көмөктөшүүнү суранышты.

АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ: “МУГАЛИМДЕРГЕ СЫЙ-УРМАТТЫ КҮЧӨТӨ ТУРГАН – АТА-ЭНЕ”

Облуска болгон иш сапары учурунда Алмазбек Бейшеналиев Баткен шаарында өткөрүлгөн Министрлер Кабинетинин көчмө жыйынына да катышты.

АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ: “МУГАЛИМДЕРГЕ СЫЙ-УРМАТТЫ КҮЧӨТӨ ТУРГАН – АТА-ЭНЕ”

Бөлүшүү

Комментарийлер