АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИНИН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ

  • 14.02.2022
  • 0

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 6-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИНИН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров бүгүн, 14-февралда, Мамлекет башчысынын Жарлыгын окуп, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратына министрдин милдетин аткаруучу Алмазбек Бейшеналиевди тааныштырды.

Ведомствонун жаңы жетекчисин тааныштырып жатып, Акылбек Жапаров жаңы дайындалган башчы билим берүү жана илим тармагын жакшы билерин белгиледи.

Министрлер кабинетинин башчысы Алмазбек Бейшеналиевдин алдына билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, атаандаштыкка жөндөмдүү муунду даярдоого, билим берүү системасынын бардык баскычтарында натыйжалуу реформаларды жүргүзүүгө багытталган бир катар тапшырмаларды койду.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров билим берүү тармагындагы маанилүү реформаларды ишке ашыруу үчүн мезгилдин талаптарын эске алуу менен маалыматтык-коммуникациялык технологияларды активдүү киргизүү, учурдагы билим берүү программаларын кайра карап чыгуу жана сапаттуу билим алуу үчүн бардык шарттарды түзүү керектигин баса белгиледи.

АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИНИН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ

Акылбек Жапаров Алмазбек Бейшеналиевдин өзүнө жүктөлгөн жаңы милдеттерди ишке ашыруу үчүн билими жана тажрыйбасы жетиштүү экенин белгиледи.

Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери менен баарлашуунун жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин башчысы Министрлер Кабинетинин жакынкы келечектеги пландары менен бөлүштү. Анын ичинде үстүбүздөгү жылдын апрелинде өлкөнүн бюджеттик тармагынын кызматкерлеринин эмгек акыларын эң масштабдуу жогорулатуу пландалууда жана бул биринчи кезекте мугалимдерге тиешелүү.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер