АЛМАШУУ ПРОГРАММАСЫНЫН АЛДЫҢКЫСЫ

  • 25.05.2023
  • 0

Өзбекстандык этникалык кыргыз Шерзод Каршибаев учурда Ош мамлекеттик университетинин табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин 3-курсунда билим алууда.

АЛМАШУУ ПРОГРАММАСЫНЫН АЛДЫҢКЫСЫ

Ал студенттерди алмашуу программасы аркылуу И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин химия жана биология факультетинен бир жылдык мөөнөткө ОшМУга келген. Мугалимдик кесипти туу туткан студент бир жылдын ичинде көп ийгиликтерге жетишти.

— Мага алмашуу программасында билим алуу ары жеңил, ары кызыктуу болду. Педагогика предметинен алган билимимдин пайдасы тийди. Окутуучубуз Карлыгач Байгазиевага терең ыраазычылык билдирем, — дейт алмашуу программасынын алдыңкысы.
Бардык предметтерден жалаң «эң жакшы» деген бааларга окуган студенттин педагогикалык практика учурундагы чыгармачылык изденүүсү жогору бааланып, ОшМУнун Педпрактика борборунун Ардак грамотасына, ошондой эле «Адис» окуу борборунун сертификатына татыктуу болду.

Өз кабарчы

Бөлүшүү

Комментарийлер