АЛИППЕНИН АВТОРУ ОГПИДЕ

  • 21.02.2019
  • 0

Педагогика илимдеринин доктору, профессор, белгилүү балдар жазуучусу Сулайман Рысбаев ОГПИнин студенттери жана окутуучулары менен жолугушуп, бала тарбиялоо, окутуу жана адабият, маданият жаатында баарлашты.  

АЛИППЕНИН АВТОРУ ОГПИДЕ

Жолугушуу окуу жай менен биргеликте  Президенттин алдындагы “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду тарабынан уюштурулуп, ага ар бир факультеттен алдыңкы студенттер, окутуучулар жана институттун жетекчилиги катышты.

С.Рысбаев катышуучулар менен бала тарбиялоо, окутуу жана адабият, маданият жаатында баарлашып, студенттер үчүн, айрыкча, болочок мугалимдер үчүн өзгөчө таасир калтырган маалыматтары, ой-пикири менен бөлүштү. Мындан тышкары  катышуучулар кызыккан суроолоруна жооп алуу менен агайдын автордук китептери, өмүр таржымалы менен жакындан таанышышып, эркин маек курушту.

Окумуштуу-педагог өз сөзүндө азыркы учурдагы сөздүн баркы, күч-кудурети,  китептин баалуулугу жана жаштардын тарбиясы тууралуу баса белгилеп,  студенттерди сөз кудуретин баалоого, эне тилди сүйүүгө жана билимдүү жаштардан болууга чакырды. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.

Бөлүшүү

Комментарийлер