АЛДЫҢКЫЛАР — МЕКТЕП СЫЙМЫГЫ

  • 23.05.2021
  • 0

Ар бир тармактын өзүнүн өзгөчөлөнгөн, өз ишинин мыкты билген алдыңкылары болот эмеспи. Мындай сыймыктануу менен аты аталган инсандар биздин билим берүү жаатында да жүздөп, миңдеп саналат.

АЛДЫҢКЫЛАР - МЕКТЕП СЫЙМЫГЫ

Бул багытта биздин Аксы районундагы Темиркул Үмөталиев атындагы орто мектебинде мыкты иш-чара уюштурулду. Тактап айтканда, 20-май күнү «Алдыңкылар — мектеп сыймыгы» деген аталышта эмгектин, окуунун коомдук иштердин жана спорттун алдыңкыларын сыйлоо салтанаты болуп өттү.

АЛДЫҢКЫЛАР - МЕКТЕП СЫЙМЫГЫ

Анда аянтка алгач «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси жана башка орден-медалдардын ээси болгон мугалимдер, андан кийин «Жылдын мугалими-2021», «Жылдын класс жетекчиси-2021» сынактарынын жеңүүчүлөрү, соңунан окуунун отличниктери, коомдук иштердин алдынкылары, спорт жаатында ийгилик жараткан окуучулар мыкты мугалимдердин коштоосунда чыгышты. Алардын ар бирин кызуу кол чабуулар менен тосуп алып жатышты.

АЛДЫҢКЫЛАР - МЕКТЕП СЫЙМЫГЫ

Айрыкча окуу жылын ийгиликтер менен аяктап жатышкан окуучулардын жүздөрүнөн сыймыктануунун нуру төгүлүп турду. Бул алардын эмки окуу жылында да мыкты ийгиликтерди жаратуусу үчүн дем болору туюлуп жатты. Кыргыз Республикасынын Туусун көтөрүп чыгып келе жатышкан спортчуларды көрүп турган окуучулардын мекенчилдик сезими ойгонуп, толкундануулар менен аларды коштоп турушту.

АЛДЫҢКЫЛАР - МЕКТЕП СЫЙМЫГЫ

 

Мындай салтанатты өткөрүүнү жыл сайын адатка айландыруу өз жемишин берерине ынанган катышуучулар жакшы сезимдер менен тарашты. Сиздер биздин сыймыгыбызсыздар, алдыңкылар!

Узен Атаканов, Аксы району

Бөлүшүү

Комментарийлер