АЛДЫҢКЫЛАР АТ САЛЫШАТ
- 02.10.2023
- 0
Эртең Бишкекте баштала турган “Жылдын мыкты мугалими-2023”, “Жылдын мыкты тарбиячысы-2023” жана “Жылдын мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнүн мыкты мугалими-2023” конкурстарына аймактардан алдыга чыккан мыктылар биринчилик үчүн таймашат.
5-октябрь – Мугалимдердин кесиптик майрамына карата Бишкек шаарындагы А.Молдокулов атындагы инновациялык технологиялар улуттук мектеп-гимназиясында салтанаттуу түрдө ачыла турган “Жылдын мыкты тарбиячысы-2023” конкурсуна жер-жерлерден өз кесибинде мыктылыгын көрсөткөн төмөнкү тогуз тарбиячы күч сынашат:
Бишкек шаарынан №1 “Ак-кеме” бала бакчасынын даярдоо тайпасынын тарбиячысы Татыбүбү МАМБЕТКУЛОВА, Баткен облусундагы № 1 “Алтын-Бешик” б/б жогорку тайпасынын тарбиячысы Гүлмира ИСАКОВА, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы № 3 “Ай-Данек” б/б орто тайпасынын тарбиячысы Любовь БЕЛОВА, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы “Жаңыл мырза” б/б орто тайпасынын тарбиячысы КУБАНЫЧБЕК кызы Наргиза, Нарын шаарындагы “Чебурашка” б/б жогорку тайпасынын тарбиячысы КАДЫРАЛЫ кызы Рахат, Ош облусундагы Ноокат районундагы “Өрнөк үмүттөрү” б/б орто тайпасынын тарбиячысы Назира КОЗУБАЕВА, Талас шаарындагы Д.Молдоярова атындагы б/б жогорку тайпасынын тарбиячысы Мээрим ОРУНКУЛОВА, Чүй облусундагы№20 “Улыбка” б/б орто тайпасынын тарбиячысы Мээрим ИБРАГИМОВА жана Ош шаарындагы “Асан-Усөн” б/б жогорку тайпасынын тарбиячысы Мээрим ТЫНЫБЕКОВА.
Жеңүүчүлөрдү жылдагыдай эле акчалай сыйлыктар, баалуу белектер күтөт. “Жеңиш эмес, катышуу маанилүү” деген менен, ар бир катышуучу жеңүүчү болууга умтулат эмеспи, анын сыңарындай, ансыз деле өз аймактарында мыкты деп табылган алдыңкыларды алдыда болуучу таймашта ийгилик коштоп, мыктынын мыктысы аталышына тилектешпиз.
Эскерте кетсек, Ош шаарында өткөн “Жылдын мыкты тарбиячысы-2023” сынагынын шаардык айлампасында Мээрим Тыныбекова жеңүүчү деп табылып, автоунаа менен сыйланган.
А.Кашыбаева,
“Кут Билим”
Комментарийлер