АЛДЫҢКЫ ОРУНДА “АДЕМИНИН” АЙГҮЛҮ

  • 25.09.2025
  • 0

Үч күндөн бери бүйрү кызыткан республикалык “Жылдын мыкты тарбиячысы-2025″ конкурсунун жыйынтыгы чыгып, мыктынын мыктылары аталды.

АЛДЫҢКЫ ОРУНДА “АДЕМИНИН” АЙГҮЛҮ

Агартуу министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Индира Токонова “Жылдын мыкты тарбиячысы” конкурсуна быйыл мектепке чейинки билим берүү уюмдарында үч жылдан кем эмес иштеген эмгек стажы бар мамлекеттик жана муниципалдык менчик формасындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлери катышканын билдирди.

АЛДЫҢКЫ ОРУНДА “АДЕМИНИН” АЙГҮЛҮ

— Быйылкы конкурска талапкерлер төрт категория боюнча катышканы белгилүү. Биринчиси – “Жылдын мыкты тарбиячысына” жети облустан жана Бишкек жана Ош шаарларынан келген тогуз тарбиячы катышты. Экинчи, мыкты усулчу категориясы боюнча жети усулчу катышты. Ал эми үчүнчү, мыкты мамлекеттик тил мугалими боюнча төрт адис катышты. Ошондой эле мыкты музыкалык жетекчи категориясы боюнча алты катышуучу болду. Облустарда өткөн сынактардын экинчи этабында жогорку көрсөткүчтөрү менен алдыга озуп чыккан талапкерлер жыйынтыктоочу республикалык турунда ар бири өз кесиби боюнча мыкты ыкмаларын, методикаларын, инновациялык технологияларды көрсөтүштү. Ошондой болсо да, конкурстун шарты боюнча жеңүүчүнү аныктадык.

Быйылкы конкурста Бишкек шаарынын мектепке чейинки мекеме адистери өздөрүнүн мыкты даярдыктар менен келишкенин далилдей алышты. Бишкектиктер мында бир эмес, үч номинация боюнча жеңишке жетишти. Бишкек шаарындагы №93 “Адеми” мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы Айгүл Жолдошева “Жылдын мыкты тарбиячысы-2025” деп табылды. “Жылдын мыкты усулчусу-2025” номинациясында Бишкектеги №25 мектепке чейинки билим берүү уюмунун методисти Махабат Малабекова жеңишке жетишсе, “Жылдын мыкты мамлекеттик тил мугалими” номинациясында Бишкектеги №162 мектепке чейинки билим берүү уюмунун мамлекеттик тил мугалими Оксана Эркалиева биринчиликти ээледи. Ал эми “Жылдын мыкты музыкалык жетекчиси” номинациясы боюнча биринчиликке Чүй облусунун Сокулук районундагы “Чат-Көл-Колосок” мектепке чейинки билим берүү уюмунун музыкалык жетекчиси Асия Нуркулова ээ болду, — деди Индира Токонова.

Быйылкы жылы сынакта жылдызы жангандардын арасында “Жылдын мыкты тарбиячысы” аталган Айгүл Жолдошева 1987-жылы Нарын облусуна караштуу Жумгал районундагы Чаек айылында төрөлгөн. Мектепти аяктаган соң, борбор калаабыздагы И.Арабаев атындагы КМУнун биология факультетинде билим алган. Андан соң Россиядагы Омск университетинен кайра даярдоо курсун окуп, бала бакча тарбиячысы адистигине ээ болгон.

— Бишкек шаарындагы №93 “Адеми” бала бакчасында 2017-жылдан бери иштейм. Мен бул бала бакчага алгач баламды алып келип, ошол жерде балдарым көнгүчө убактылуу иштей турууну чечкем. Бирок бала бакчада иштеп баштаганда, мен издеген жумуш ушул экенин, балдар менин жан дүйнөмө жакын экенин сездим. Балдарды көргөндө башкача сыйкырдуу дүйнөгө туш болгондой болом. Мен ушул бала бакчада иштеген сегиз жыл аралыгында үч тайпа даярдап чыгардым. Балдар менен, алардын ата-энелери менен тыгыз байланышта, ар тараптуу изденип иштегенге аракеттенем. Ал аракетим текке кеткен жок, көптөгөн ийгиликтерге жетиштим. КР Жогорку Кеңештин Ыраазычылык каты, Бишкек шаардык кеңешинин, Бишкек шаардык билим берүү департаментинин Ардак грамоталары менен сыйландым. Бул сыйлыктар мени дагы бийиктиктерге жетелеп, ийгиликтерди жаратууга шыктандырды. Алгач райондук этаптагы конкурска катышып, эң жогорку упай менен республикага чыктым. Конкурстун жүрүшү тууралуу айта турган болсом, калыстар ачык, айкын баалашты деп ойлойм. Чыныгы мелдеш, чыныгы таймаш болду. Мен чүчүкулак кармап жатканда эң акыркы болуп калып, сабагымды кечки саат беште өтүүгө туура келди. Бул учурда көпчүлүгү, айрыкча кичинекей бөбөктөр чарчап калып, жакшы көңүл бурулбай калбаса экен деп тынчсыздандым. Бирок баары ойдогудай болду. Сабагымда заманбап, интерактивдүү методдорду, СТЕМ технологиясын колдондум. Айрыкча, балдар менен суроо-жооп иретинде кайтарым байланыш түзө алганыма сүйүндүм. Кеч кирип, чарчап калгандарына карабай, балдар активдүү катышып берди. Сабагымдын түпкү максаты — Президентибиздин Жарлыгына ылайык, улуттук демди, дүйнөлүк бийиктикти балдарга сабак аркылуу жеткирүү болду. Байыркы ата-бабаларыбыздан келаткан нарк-насибилибизди, улуттук буюмдарыбызды, кыргыздын жоктон бар кылган айкөлдүгүн, нарктуулугубузду, балдарыбыз биздин улуу жолду улай турган урпактарыбыз экендигин көрсөткөнгө, жеткиргенге аракеттендим, — дейт Айгүл Майрамбековна толкундануу менен.

Ошентип, катышуучуларды, алардын күйөрмандарын күйүктүргөн конкурстун жыйынтыгы чыгып, талапкерлер өз баасын алды. Катышуучуларга да, калыстарга да баалоо процесси оңой болбогонун белгилей кетели. Албетте, эң негизгиси жеңиш эмес, негизгиси – катышуу деген менен, кароо-сынактарда сөзсүз жеңишке жетишкендердин сүйүнүчү менен жеңилүү ызасын тартып калгандар да болот эмеспи, ансыз сынак сынакпы. Ошондой болгон күндө да аймактардан ондогон, жүздөгөн кесиптештеринин арасынан иргелип, тандалып республикалык турга озуп чыккан талапкерлердин баары мыктылар экенин тана албайбыз. Алардын эң чоң олжосу – ушундай сынактарда топтогон тажрыйбасы, алыс-жакындан келген кесиптештери менен таанышып баарлашуусу. Ушунун баары келерки сынактарга жол ачып, дагы-дагы ийгиликтерге демилге береринде шек жок.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер