АЛАЙДАГЫ САЛТАНАТ

  • 10.10.2022
  • 0

Алай  районунда билим  берүү  кызматкерлеринин  майрамдык  салтанаты  быйыл эсте каларлык  ѳттү.

АЛАЙДАГЫ САЛТАНАТ

Майрамдык салтанаттын биринчи бѳлүгү райондук  маданият үйүндѳ ѳткѳрүлүп, ага жергиликтүү мамлекеттик  администрациясынын  башчысы – аким К.С.Апбасов, орун  басары Б.А.Осмонов,  билим жана  илим кызматкерлеринин  профсоюзунун  Ош областтык комитетинин тѳрагасы С.А.Тойгонбаев, райондук  билим  берүү  бѳлүмүнүн  башчысы Б.Э. Таиров, райондук  профсоюз  комитетинин  тѳрагасы А.К.Абдыкадыров, ооган ардагерлеринин райондук кеңешинин тѳрагасы А.Раимкулов, айыл  ѳкмѳт  башчылары, баары болуп 350гѳ жакын  билим  берүү  кызматкерлери  катышты.
Салтанатта  тиешелүү  жетекчилер куттуктоо  айтышып, алдынкы  билим  берүү  кызматкерлерине Жогорку  Кенештин, Билим берүү жана  илим министрлигинин, Билим, илим кызматкерлеринин Борбордук  профсоюз комитетинин жана Ош  областтык  профсоюз комитетинин   тѳш  белгилери жана  Ардак  грамоталары, Президенттин Ош  областтск ѳкүлчүлүгүнүн  жана  райондук  мамлекеттик  администрациясынын, областтык  профсоюз  комитетинин жана Ош БИнин, райондук  билим  берүү  бѳлүмүнүн жана  райондук  профсоюз  комитетинин  Ардак  грамоталары  тапшырылды.
Ал эми «Алай айымдары» коому  70ке  жакын агартуу алдыңкыларына баалуу  белектерин  тартуулады.

АЛАЙДАГЫ САЛТАНАТ

Салтанаттын  экинчи бѳлүгү  «Ак бата Гранд» ресторанында  ѳтүп,  бардык  катышуучуларга билим  берүү  кызматкерлеринин Алай  райондук  профсоюз  комитети  майрамдык  сый тамак  уюштуруп  берди.

Майрамдык  салтанат уюшкандыкта,  кѳңүлдүү  маанайда ѳткѳрүлүп, райондук  маданият  үйүнүн артистеринин, балдардын  чыгармачылык  борборунун  кызиаткерлеринин  атайын  концерттик  номерлери  менен  коштолду.

А.К.АБДЫКАДЫРОВ, Алай  райондук  профсоюз  комитетинин  тѳрагасы

И.ИСМАИЛОВ, Алай  райондук  профсоюз  комитетинин  катчы, казначейи

Бөлүшүү

Комментарийлер