АЛАЙДА АЛГЫЛЫКТУУ ИШТЕР АРБЫН

  • 29.10.2020
  • 0

Алай районундагы билим берүү бөлүмүн 2019-жылдан бери Мусаев Мамашарип Орозович жетектеп, дээринде жөнөкөйлүк, кичи пейилдик мүнөзү, жаратмандык сапаты менен айырмаланып, уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү, кесипкөйлүгү, эмгекчилдиги, аракетчилдигинин натыйжасында райондогу агартуу тармагында бир топ ийгиликтер жарала баштады.

АЛАЙДА АЛГЫЛЫКТУУ ИШТЕР АРБЫН

ЖРТга 11-класстын 621 бүтүрүүчүсүнөн 531 окуучу катышып, орточо балы 115 болду. Э.Мурзаев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Нурбек кызы Элмира 229 балл топтоп, республикада 1-орунга жетишип, Алтын сертифкатка ээ болду. Райондогу 53 мектеп аккредитациядан толук өтүшкөн. Мектептер интернет менен байланышы 100% камсыз болушуп, мугалимдер окутуу ишинде интернетти кең  ири колдонууга өтүшүп, компьютерлер менен камсыз кылуу 75% болду.Облус, республикадагы жетишкен ийгиликтер жөнүндө сөз кылалы. Атап айтсак, “Жылдын мыкты мугалими — 2020” сынагы кырдаалга байланыштуу жобонун негизинде облуста аралыктан өткөрүлүп, анда М.Ташиев атындагы орто мектептин тарых мугалими Карыева Феруза 1-орунга жетишсе, Үч-Дөбө айылындагы Кичи- Каракол балдар бакчасы (директору Күлүйпа Абдыкадырова) “Жылдын мыкты балдар бакчасы – 2020” сынагында 1-орунга татыктуу болуп, “Жылдын мыкты мектеби – 2020” сынагында Э. Мурзаев атындагы орто мектеби (директору Зина Абдыкадырова) экинчи орунду багындырды. “Санарип мугалим – 2020” сынагында Абжапаров атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими 1- орунга  чыкты. Кырдаалга байланыштуу республикалык туру токтотулуп, орун алгандар республикалык дең  гээлде сыйланышты. 2019-2020-окуу жылында мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасы өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу “Онлайн”режиминде өтүп, жыйынтыгында үч окуучу байгелүү орундарга жетишти. Алар: Марсбекова Майрам №2 Т.Отунчиев атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу, орус тили жана адабияты предмети боюнча республикада 1-орун, мугалими Касымова Кимсан, Кубатбек кызы Уулкан №33 С.Жаанбаев атындагы орто мекбинин 11-классынын окуучусу, физика предмети боюнча 2-орун, мугалими Рахманбердиев Санжар. Кайрыев Байжигит №2 Т.Отунчиев атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу, математика предмети боюнча 3-орун, мугалими Кулуева Жазгүл.

АЛАЙДА АЛГЫЛЫКТУУ ИШТЕР АРБЫН

БУУнун Азык-түлүк программасы тарабынан 16 мектеп, МерСиКо уюмунун колдоосу менен 11 мектеп ысык тамак менен камсыз болушуп, дагы 5 мектеп долбоорго кошулууга даярданып жатышат.Окуу китептери менен райондо камсыздоо 84% түзүп, 2-11 –класстарда 12688 окуучу окуп, билим сапат 51%га жетти.

Интерактивдүү доска менен 53 мектептен 34 мектеп камсыздалып, көрсөткүч  63%  болду.

“Өлкөнүн тагдыры – мугалимдердин мектептердин колунда мугалимдин билими канчалык терең   болсо, анын социалдык маселеси чечилсе, анда билим берүүнүн сапаты оң  го бурулат. Биз мугалимдерге бардык шарт түзуп, материалдык техникалык базабызды чың  дап жатабыз”, — дейт райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М. Мусаев.

2020 – жылдын февраль айында Жошолу айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ш. Сатиев жана Курманжан датка атындагы орто мектептердин базасында “Коопсуз мектеп” жана “Электрондук мектеп” дорлбоорлору мектеп турмушунда аттуу райондук практикалык семинар уюштурулуп, семинарга мамадминистрациядан, райондук билим берүү бөлүмүнөн, экотехинспекциясынан, СЭСтин өкүлдөрү мектептин жетекчилери катышып, апрель айында “Кут билим” газетасындагы жооптуу адамдар сүйлөшүп, республикадагы чыгармачыл мугалимдердин семинарын уюштурууга аракет жасап жаттык эле. Замандын агымына жараша тажы вирусу илдетине байланыштуу мектептерде аралыктан окутуу процесси башталып кетти”, — дейт райондук усулдук борборунун жетекчиси Бурканбай уулу Алымбек.

Карантиндик кырдаалда билим берүү кызматкерлеринин райондук, областык профсоюз комитети тарабынан мектептердин жана балдар бакчалардын аз камсыз болгон профсоюз мүчөлөрүнө 101600 сомдук азык- түлүк жардам берилди. Донорлордун, демөөрчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М. Мусаев менен райондук профсоюз комитетинин төрагасы А.Абдыкадыров Сары-Могол айылындагы эски мектепте жашап жатышкан памирлик кыргыздардан жана алардын балдарынан кабар алышып,  керектүү азык-түлүк, кийим- кече, окуу куралдарын алып берип турушту.

Кандай гана мекеме болбосун анын ийгилиги жетекчинин жасаган ишине жараша болот эмеспи. Биздин райондогу билим берүү мекемелеринин ийгиликтеринин башатында тажрыйбалуу жетекчи Мамашарип Мусаев тургандыгы талашсыз чындык.

                                        Сыдык Мамыров,

Алай району, С.Карыев атындагы орто мектебинин мугалими, Билим берүүнүн мыктысы    

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер