Ала-Бука районунда 90 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди

  • 25.08.2023
  • 0

24-августта Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Кызыл-Ата айылында 90 орундуу балдар бакчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Ала-Бука районунда 90 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди

Маалыматка ылайык, бала бакчанын ачылыш аземине Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев, райондун акими Кайырбек Чаргынбаев, Ак-Там айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Камчыбеков, айылдын коноктору жана тургундары катышты.

Балдар бакчасы заманбап болуп, бөбөктөр үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

Балдар бакчасынын курулушуна райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен 16 млн 400 миң сом, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2,5 млн сом бөлүнгөн.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер