АЛА-БУКА РАЙОНУНУН КЫЗЫЛ-АТА АЙЫЛЫНЫН МЕКТЕБИНДЕ КОШУМЧА ЖАҢЫ КОРПУС КУРУЛУУДА

  • 14.09.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында бул мектептин окуу корпусунун курулуш менен таанышты. 

АЛА-БУКА РАЙОНУНУН КЫЗЫЛ-АТА АЙЫЛЫНЫН МЕКТЕБИНДЕ КОШУМЧА ЖАҢЫ КОРПУС КУРУЛУУДА

Орто мектептин эски имараты 1982-жылы 192 окуучуга ылайыкталып курулган. Учурда билим берүү жайы авариялык абалда, ошондой эле элдин саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу балдар мектепке батпай жатат. Азыр 473 окуучу билим алууда.

Мектептин жаңы имараты донорлордун каражатынын эсебинен курулууда. Планга ылайык, 2020-жылдын 1-декабрында колдонууга берилет. Долбоор боюнча ашкана, спорт зал, китепкана жана чоң зал каралган.

Премьер-министр мектептин жаңы имараты колдонууга берилгенде башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак берүү боюнча программаны ишке ашыруунун зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле Өкмөт башчыга билим берүү мекемесинде санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшү тууралуу маалымат берилди.

Бул мектепке санариптештирүүнүн негизинде электрондук китепкана киргизилген. Интернетке тутуштырылган, компьютердик техникалар жетиштүү. Электрондук күндөлүккө өтүү боюнча  даярдык көрүлүүдө.

Бөлүшүү

Комментарийлер