«АКЫРКЫ КОҢГУРОО» ӨТӨБҮ?

  • 12.05.2020
  • 0

«Акыркы коңгуроо онлайн форматта өткөрүлөт. Биз балдарды онлайн куттуктайбыз», — деди билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова.

Анын айтымында, азыр эң негизгиси – балдардын ден соолугу жана коопсуздугу.

«Эгер коронавирус инфекциясы болбосо, биз акыркы коңгуроо салтанатын кадимкидей эле өткөрмөкпүз. Биз эпидемиологиялык кырдаалга карайбыз. Эгер өлкөдө массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынса, анда биз балдардын коопсуздугу үчүн бул талаптарга баш ийебиз», — деди Жусупбекова. «Мен түшүнөм, балдар акыркы коңгуроону белгилегиси келет. Бирок биз азыр балдардын ден соолугун жана коопсуздугун ойлошубуз керек. Кийинчерээк, кырдаал турукташса, балким бизде балдарды башкача форматта жакшыраак куттукттого мүмкүнчүлүк түзүлөт».

Г.А., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер