«АКЫРКЫ КОҢГУРОО»:  БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРГӨ АВТОУНАА АЙДООГО ТЫЮУ САЛЫНАТ

  • 24.05.2024
  • 0

2023-2024-окуу жылында 9-классты 127 миң 148, 11-классты 76 миң 379 бүтүрүүчү аяктайт. 25-майда Кыргызстандагы мектептерде акыркы коңгуроо салтанаты өтөт. Буга байланыштуу, Билим берүү жана илим министрлиги, Ички иштер министрлиги бүтүрүүчүлөрдүн жолдогу коопсуздугун камсыздоо, жол кырсыктарына кабылууларын алдын алуу максатында ата-энелерге, унааны ижарага берген ишкерлерге кайрылып, аларга унааны бербөө керектигин эскертет.

 «АКЫРКЫ КОҢГУРОО»:  БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРГӨ АВТОУНАА АЙДООГО ТЫЮУ САЛЫНАТ

ИИМдин маалыматына таянсак,  айдоого укугу жок бүтүрүүчүлөргө автоунаа берүүгө тыюу салынат. Анткени, анын кесепетинен өспүрүмдөр да жаракат алган учурлар кездешүүдө.

— Эскерте кетсек, азыркы эрежелерге ылайык, мас абалында унаа башкарган айдоочу бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылат жана айдоого укугу жок айдоочу унаа башкарган учурда унаасын убактылуу айып аянтчасына токтотулуп, айып салынат. Бул күндөрү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери кошумча күзөттөрдү  коюу менен  күчөтүлгөн тартипте кызмат алып барат. Коопсуздук биринчи орунда болушу керек! – деп билдирүүнү  ИИМдин Басма сөз кызматы таркаткан маалыматта баса белгиленген.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер