“АКЫЛМАН” ПРЕЗИДЕНТТИК ЛИЦЕЙИ 25-АВГУСТТА АЧЫЛАТ

  • 21.08.2023
  • 0

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен түзүлгөн «Акылман» президенттик лицейинин ачылыш аземи 25-августта өлкө башчынын катышуусунда өтөт.

“АКЫЛМАН” ПРЕЗИДЕНТТИК ЛИЦЕЙИ 25-АВГУСТТА АЧЫЛАТ

Республика боюнча өзгөчө шыктуу балдарды окутуунун жана тарбиялоонун бирдиктүү системасын түзүү, таланттуу жаштарды андан ары колдоо жана сыйлоо, Кыргызстанда интеллектуалдык жактан өнүккөн муунду калыптандыруу максатында, Конституциянын 66, 71-беренелерине ылайык, «Акылман» президенттик лицейи» түзүлгөн.

«Акылман» президенттик лицейине 6-класста окуп жаткан же аяктап жаткан окуучулар арасынан кабыл алынат. Окуучуларды кабыл алуу жыл сайын өткөрүлүүчү сынактык тандоонун жыйынтыгы боюнча эки этап менен жүргүзүлөт. Быйыл лицейге 72 окуучу кабыл алынды,тактап айтканда,  7-класстан үч класс ачылды. Бул көрсөткүч жылдан жылга жогоруламакчы.

Лицейде окутуу – акысыз, лицейге башка аймактан келген окуучулар интернатта бекер жашоого жана тамактанууга укуктуу.

Айгерим ТОКТОБАЕВА, «КУТ БИЛИМ» 

Бөлүшүү

Комментарийлер