АКУНЖАН БАКАЗОВИЧ АБДРАШЕВ — НЕКРОЛОГ

  • 24.05.2022
  • 0

2022-жылдын 22-майында профессор, КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, мамлекеттик кызматтын мыктысы, билим берүүнүн мыктысы жана башка көптөгөн сыйлыктардын ээси Абдрашев Акунжан Баказович 67 жаш курагында дүйнө салды.АКУНЖАН БАКАЗОВИЧ АБДРАШЕВ - НЕКРОЛОГ

Акунжан Абдрашев 1955-жылы 18-октябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунда жарык дүйнөгө келген.

Ал 1973-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети) тарых факультетине тапшырып, 1978-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган.

1978-1986-жылдары Жалал-Абад шаарындагы №1 атайын техникалык орто окуу жайында тарых мугалими, директордун орун басары, 1986-88-жылдары Жалал-Абад шаарында компартиянын шаардык комитетинде парткабинеттин башчысы,1988-1994-жылдары Жалал-Абад шаарындагы маданият техникумунун директору, 1994-2000-жылдары Жалал-Абад шаарынын Билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси, 2000-2001-жылдары Жалал-Абад шаарынын акиминин орун басары, 2001-2005-жылдары Жалал-Абад облустук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси, 2006-2011-жылдары Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы болуп иштеген.

Сиңирген эмгеги үчүн:

— ФПКнын «Кыргыз Республикасынын профсоюздарына сиңирген эмгеги үчүн» ардак белгиси,

— Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги,

— Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги,

— Кыргыз Республикасынын маданиятынын отличниги,

— Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын алтын медалы,

— «Ошко 3000 жыл» медалы,

— Бишкек шаардык кеңешинин Ардак грамотасы,

— Жалал-Абад областтык администрациясынын Ардак грамотасы жана облустук кеңештин,

— Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жана шаардык кеңешинин Ардак грамотасы,

— Жалал-Абад шаарынын ардактуу атуулу,

— Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл округунун ардактуу атуулу, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин, Чүй университетинин, ОМПИнин ардактуу профессору наамдарына татыган.

2011-жылдын 22-сентябрынан 2016-жылга чейин Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору кызматын аркалаган.

Акунжан Абдрашев — 40тан ашуун илимий (анын ичинде эки илимий монография) макаланын автору. Ал КМШ өлкөлөрүндөгү билим берүү саясатын изилдеген адис катары маалым.

Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы болгон.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жамааты маркумдун урук-туугандары, санаалаштарына терең кайгыруу менен көңүл айтат!

Маркумдун жаркын элеси элибиздин жүрөгүндө түбөлүк сакталат!

Бөлүшүү

Комментарийлер