АКСАЙ ЖАНА СОҢ-КӨЛ ЖАЙЛООЛОРУНДА КОМПЛЕКСТҮҮ ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
- 11.08.2026
- 0
Erasmus+ программасынын «SA2CC» (Туруктуу айыл чарбасы) долбоорунун алкагында Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин С.Нааматов атындагы Нарын аймактык көп тармактуу институтунун окумуштуулары алыскы Аксай жана Соң-Көл жайлоолорунда комплекстүү илимий изилдөө иштерин өткөрүп, мониторинг жүргүзүштү.

Изилдөө тобун окумуштуу Эрмек Байбагышов жетектеп, курамында окутуучулар Адилет Мамырбаев, Адилет Жапаров жана Мырзабек Кылычбеков илимий мониторингке катышышты. Экспедициянын негизги максаты — Климаттын өзгөрүү процессинде, мал чарбачылыгынын жана туризмдин жайыт экосистемаларына тийгизген антропогендик таасирин баалоо болуп саналат.


Иш-чаранын жүрүшүндө топурактын жана өсүмдүктөрдүн үлгүлөрү алынып, жайыттардын биоартүрдүүлүгү менен деградациялануу деңгээлине аналитикалык талдоо жүргүзүлдү. Ошондой эле, рекреациялык жүктөмдүн (туризмдин) табигый ландшафтка тийгизген таасири изилденди.




Жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүүдө долбоордун алкагында сатып алынган учкучсуз учуучу аппараттар (дрондор) жана атайын өсүмдүк үлгүлөрүн алуучу жабдуулар колдонулду. Изилдөөнүн жыйынтыктары жайыт ресурстарын туруктуу башкаруу жана аларды калыбына келтирүү боюнча илимий сунуштамаларды иштеп чыгууга өбөлгө түзөт.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер