«АКНИЕТ»: СЕН ТАЛАНТТУУ БОЛУУДАН КОРКПО!
- 13.07.2026
- 0
«Акниет» турмуштун оор кырдаалында турган балдар үчүн борборунда «Сен таланттуу болуудан коркпо!» аттуу сүрөт сынагы уюштурулду. Иш-чаранын башкы максаты — балдардын чыгармачылык дараметин өнүктүрүү, катышуучулардын талантын колдоо жана алардын өзүнө болгон ишенимин арттыруу болуп саналат.
Сынакка борбордун тарбиялануучулары абдан активдүү катышып, өздөрүнүн ички дүйнөсүн, чыгармачылык жөндөмдөрүн сүрөт маданияты аркылуу чагылдырып беришти. Калыстар тобу ар бир эмгектин өзгөчөлүгүнө токтолуп, балдардын эмгегин жогору баалашты.
Бул чыгармачылык иш-чара борбордун сүрөт ийриминин жетекчиси Талайбек Урпалиевич тарабынан уюштурулуп, жыйынтыгында мыкты деп табылган жаш сүрөтчүлөр баалуу белектер менен сыйланышты.
А.К., «КБ»
Бөлүшүү



Комментарийлер