АККРЕДИТАЦИЯЛЫК ЭКСПЕРТТЕР ОКУУДА

  • 06.03.2025
  • 0

И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Улуттук аккредитациялык кеңештин эксперттерин окутуу семинары өтүүдө.

АККРЕДИТАЦИЯЛЫК ЭКСПЕРТТЕР ОКУУДА

Семинарга университеттердин, колледждердин, кесиптик лицейлердин, мектептердин өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер катышууда.
Семинардын негизги максаты:

  •  Аккредитациялык агенттиктерди таанууда жана алардын ишине мониторинг жүргүзүүдө укуктук ченемдик актылардын талаптарына шайкеш келүүнү камсыз кылуу жана эффективдүүлүктү жогорулатуу;
  • Көз карандысыз эксперттердин квалификациясын жогорулатып, билим берүү сапатын жакшыртууга салым кошуу.

Катышуучулар аккредитациялоо боюнча алдыңкы ыкмаларды үйрөнүп, сапатты жогорулатуу жаатында активдүү иш алып барууга мүмкүнчүлүк алышты. Семинардын жыйынтыгында катышуучулар тестирлөөдөн өтүшөт жана эксперт болуп бекитилишет

Бөлүшүү

Комментарийлер