“АКАДЕМИЯЛЫК ОКУУ, ЖАЗУУ КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ САБАКТАРЫНДА” АТТУУ ВЕБИНАР ӨТӨТ

  • 11.06.2020
  • 0

Онлайн Университеттин Педагогика Лабораториясы 11-июнда саат 17.00дө «Академиялык окуу, жазуу кыргыз тили жана адабияты сабактарында» аттуу вебинар өткөрөт.

“АКАДЕМИЯЛЫК ОКУУ, ЖАЗУУ КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ САБАКТАРЫНДА” АТТУУ ВЕБИНАР ӨТӨТ

Вебинарда азыркы убакта эң маанилүү билгилик катары таанылган академиялык окуу жана жазуу көндүмдөрүн кыргыз филологиясынан башка факультеттериндеги кыргыз тили, адабияты сабактарынын алкагында калыптандыруунун жолдору жана анын мааниси талкууланат. Мындан тышкары жаңы даярдалган «Кыргыз тили академиялык окууда жана жазууда» окуу китебинен фрагменттер, ошондой эле кыргыз тили жана адабияты боюнча сабакта материалдарды колдонуу боюнча автордук иштелмелер, сунуштар көрсөтүлөт. Вебинардын спикери Борбордук Азиядагы Америка университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Камбаралиева Уулкан Жолдошбековна.

Белгилей кетсек, У.Камбаралиева тил илиминин маселелери боюнча 116 эмгектин автору.

Ал когнитивдик тил илими боюнча Кыргызстандагы алгачкы докторлук иш болуп саналган «Темпоральная категоризация в концептуальной картине мира (на материале русского и кыргызского языков)» аттуу диссертациясын 2014-жылы жактаган.

 

 

Вебинардын шилтемеси: https://zoom.us/j/91547582963?pwd=QWFsdmdBK2ZRdUZwNkY3U2tQT2I5Zz09

 

Каалоочулар бул адрес менен катышсаңыздар болот: ZOOM вебинардын идентификатору: 915 4758 2963

Паролу: 269389

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер