АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК

  • 11.02.2025
  • 0

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин студенттери академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Фергана мамлекеттик университетинде билим алышат.

АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК

Маалыматка ылайык, мында алгач окуу жайдын гуманитардык факультетинин деканы Нурбек Маткаримов, студенттер жана Фергана мамлекеттик университетинин эл аралык бөлүмүнүн башчысы Азиза Шокирова, тарых факультетинин деканы Наргизахан Алимова, англис филология кафедрасынын башчысы Дилшода Мирзаева жана тиешелүү кафедранын окутуучулары ортосунда  жолугушуу болду.

АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК

— Жыйында тараптар ортосунда билим берүү жаатындагы ЖОЖдор аралык кызматташуу, байланышты бекемдөө жана студенттердин практика алмашуусун эки тараптуу ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Окуу жайлар ортосунда түзүлгөн келишимдин натыйжасында университеттин гуманитардык факультетинин тарых, социалдык иш жана англис тили адистигинин үч студенти мобилдүүлүк боюнча Өзбекстандагы аталган окуу жайда билим алышат. Алар академиялык мобилдүүлүк программасынын негизинде жазгы семестрди ошол жактан окуп келишет. Жыйынтыгында студенттер Фергана мамлекеттик университетинин жатаканасына жайгаштырылды, — деп жазылган маалыматта.

АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер